Муфтий өлкөбүздөгү диний кырдаал боюнча Катардын журналисттерине маек берди

Мезгил

Бүгүн, 7-февралда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы Башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинен келген жалпагы маалымдоо каражатынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Андагы маалыматка таянсак, чет ѳлкѳлүк  медиа өкүлдөрү менен жолугушууга Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев дагы катышкан.  Делегациянын курамында Катардын алдыңкы медиа каражаттары анын ичинде “Сафари Алкхаур” телекөрсөтүүсүнө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев тартылып, кызыктуу маек куруп берди.

 

Маектешүү учурунда Азирети Муфтий өлкөбүздөгү диний кырдаал, Катар мамлекети менен болгон алакасы, Ислам динин асыл баалуулуктары, КМДБнын ишердүүлүгү, жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып, журналисттердин кызыктырган суроолоруна жооп берген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *