Муфтийдин милдетин ким аткараары белгилүү болду

   Мезгил

Муфтийдин милдетин Жоробай Шаргазыев аткарат.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда шайлоого чейин анын орун басары муфтийдин милдетин аткарат. Жоробай Шаргазыев учурда муфтийдин орун басары кызматында.

Муфтияттын маалыматы боюнча, дагы бир орун басар Кадыр Маликов үй-бүлөлүк абалына байланыштуу ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон.

Аалымдар кеңеши 11-февралда жыйынга чогулуп, муфтий Максат Токтомушевин отставкасын кабыл алган болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле кечээ экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *