Муфтият: Ислам дининде бозо ичүүгө тыюу салынат

   Мезгил

Муздак аба ырайынын келиши менен муздак суусундуктардын оордун бозо, максым, чалап ээлейт.  Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактияр, ислам дининде бозо ичүүгө тыюу салынат дейт.

Ислам дининде бозого тыюу салуу боюнча Чубак ажы Жалилов: Мен бозонун пайдасы тууралуу “бозо табитти гана ачат, андан башкаса деле ден соолукка пайдасы жок”- деп дарыгерге айткам . Ошол себептен, бозону ичүүгө макулдук берилбейт- деп айтканы бар.

Бозо- коюу азыктуулугу жогору, анын курамында таруу, буудай, жүгөрү жана башка азыктар бар.

Дарыгерлердин айтымында бозо- организмге пайдалуу  анын курамында буудай бар. Ошондой эле В витаминине бай. Дарыгерлер бул суусундукту гемоглобини жана кан басымы аз адамдарга сунуш кылышат. Бир нече жыл мурун гемотология бөлүмү изилдөө жасап, изилдөөдө бозо гемоглобинди көтөрөөрүн байкашкан.

Бозо- күчтүү жана жумшак болот.  Ал эми дарыгерлер жумшак бозону сунуш  кылышат.

Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *