Мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн 7 миллиард сом керектелет

   Мезгил

Кыргызстанда мугалимдердин айлыгын көтөрүү үчүн 7 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, бул сумманы грант катары Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берет. Ал эми кийинки  жылы бийлик башка каржы булактарын табат.

Эске салсак, Билим берүү министрлигинен убада кылышкандай, ушул күздөн тарта мектеп мугалимдеринин маянасынан тышкары, бала бакча тарбиячыларынын айлыгы дагы көтөрүлөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *