Мугалимдердин көйгөйүн ким угат?

Мезгил

Бүгүн, 23-августта Ысык-Көлдө мугалимдердин август конференциясы өттү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймактарынан келген 300дөй мугалим менен окуу программалары, акыркы өзгөрүүлө туурасында талкуулашты.

Ошондой өкмөт башчы мугалимдердин айлыгы 1-октябрдан тартып жогорулашын белгиледи. Анын маалыматында билим берүү тармагында эмгектенген 5-6 категориядагы 120 миңге жакын адистин эмгек акысы 30 пайызга көтөрүлөрүн билдирип, мурда 12 миң айлык алган мугалим, эми 18 миң сом алаарын билдирди.

Ал эми мугалимдердин көйгөйүн айлыкты жогорулатуу менен эле чечилбеси көпчүлүккө маалым. Түйшүгү көп, бирок бааланбаган кесиптин ээлеринин арыз-муңу абдан көп алар:

Иш кагаздардын көптүгүнөн балдарга көп көңүл бурулбай келет

Мугалимдин статусунун төмөндүгү, балдардын укугу мугалимдердикинен жогору, буга айлыктын аздыгы да чоң таасирин тийгизүүдө.

Шайлоо убагында мугалимдердин добуш берүү укугунда чектөөлөр болот.

Окуу-куралдарынын жетишсиздиги да чоң көйгөй.

Шаар жергесинде мектептердин жетишсиздигинен мугалимге кошумча сабак өтүүгө шарт түзүлбөгөнүн мугалимдер ар дайым айтып келишүүдө.

Ошондой эле коомчулукта, социалдык тармактарда да жогорудагы көйгөйлөрдү байма-бай талкуулап келишет.

Бүгүнкүдөй конференцияда мугалимдердин көйгөйлөрүнө да көңүл буруп, билим берүү тармагын жакшыртууну жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү менен башташса…

Эске салсак, билим берүүдөгү эн чоң көйгөй мектептердин жетишсиздиги. Мындан улам учурда Кыргызстанда 117 билим берүү мекемелери курулуп жатат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *