Мухтар Аблязов Айсултан Назарбаевдин атынан пост жазганын мойунга алды

   Мезгил

Мухтар Аблязов Айсултан Назарбаевдин атынан пост жазганын мойунга  алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.  

 Казакстандык мурдакы банкир, качкын саясатчы Мухтар Аблязов жакында социалдык тармактарда Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевтин интернеттеги баракчасына  анын атынан Улуу Британиядан баш паанек сурап жазган посттун Аблязов өзү жазгандыгын мойундады.

  Бул туурасында казакстандык саясат таануучу Эрбол Эдилов телеграмдагы баракчасына  жазды. Ал Мухтар Аблязов өзү мойунга алган посту сүрөткө тартып жүктөгөн.  

  Анда ал Айсултанга муну өз атынан жарыялоону сунуштагысы келгенин бирок, капыстан ал постко сыр сөз коюуну унутуп калып, ал интернетке тарап кеткенин айткан.

  Эске салсак, Айсултан Назарбаев буга чейин Казакстандын мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев анын таятасы эмес, биологиялык атасы экенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Андан кийин ал Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү, бийлик тууралуу постторду жарыялап жатты. Буга байланыштуу үй-бүлөсү ага басым көрсөтүп жатканын билдирип, Улуу Британиядан саясий баш паанек сурай тургандыгын жазып чыккан.

  Ал эми маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев жергиликтүү телеканалдардын бири аркылуу Айсултан Назарбаевдин посттору боюнча комментарий берген.  Анда министр баңгизатына болгон көз карандылыктан дарыланып жаткан адамдын пикирине таянуу, ага карата комментарий берүүнүн өзү этикага жат келерин белгилеген.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *