Мумия – айымдар үчүн табылгыс дары

Мезгил

Мумия – көп дарттын дабасы.

Жаратылышта таң калаарлык көп нерсе бар эмеспи аның сыңары мумия алардын бирөөсү. Ооба, сиз туура эле окудуңуз, “мумия” – бул чайыр (смола) сымал жаратылыш заты.

Мумия- эң эле өзгөчө жана табышмактуу дарылоочу касиетке ээ каражат. Анткени анын тийгизген таасири, дарылоодогу механизими анчалык деле түшүнүктүү эмес. Бирок, анын дарылоо касиетинин жогору натыйжалуулугу менен Байыркы чыгыш адабияттарында кеңири жазылган.

Мумия- өзүнүн химиялык курамынын пайда болушу абдан татаал жана Формасы туруктуу эмес, кээде тегиз кээде тоодогу кезиккен сынык таштарга окшош. Бирок мумиенин баардык түрү конкреттүү, өзгөчө жытка ээ жана курамында дарылык касиеттери бар. Ошондой эле асканын ширеси, тоонун каны, тоо бальзамы сыяктубир нече аталышы бар. Түрлөрү да көп. Өңү ачык күрөңдөн, карага чейин болот, кээде түстүүлөрү да кезигет.

Жаратылыштын бул белеги миңдеген жылдан бери элдик медицинада колдонулуп келет.

Бирок медицинада бул зат толук изилдеп бүтө электигине байланыштуу, оорулууларга сунуштабайт, бирок доктурдун жазып берген рецептине кошумча кабылдоого мүмкүн.

Ал эми элдик дарылоо медицинасында ар кандай оорулар үчүн кеңири колдонулуп келет жана натыйжалуулугу менен атактуу.

Дарылык касиети

Мумиянын курамына 28 химиялык элементтер, 30 кичи элементтер, 10 окси металлы, 6 амино кислота, бир нече витаминдер тобу жана эфир майы кирет.

Ал адам баланынын организминдеги торчолорду калыбына келтирет, кабылдап кетүүгө, токсиндерге каршы иштейт, мээнин иштешин жөнгө салууда дагы ролу чоң. Жогоруда айтылгандай бул заттын составында даба болчу компонеттер көп болгондуктан ата-бабаларыбыз ар кыл ооруларга каршы дары катары колдонуп келишкен. Мисалы,

Жүрөк, кан-тамыр оорулары:

варикоз, тромбофлебит, гипертония, инфарктан кийинки абал жана жүрөк жетишсиздиги;

  • Ичеги-карын жана боор оорулары;
  • Дем алуу системасынын оорулары: бронхиалдык астма, бронхит, ангина, жөтөлүү, мурундан кан акканда, кургак учук, пневмония, гайморит;
  • Көз ооруулары;
  • Угуу органдарынын оорулары
  • Бөйрөк жана сийдик бөлүп чыгаруу органдары: цистит, табарсык жарасы, пиелонефрит;
  • Ооз- көңдөй оорулары;
  • Кыймыл-аракет системасынын оорулары: жаракалар, радикулит, ревматизм, сөөк чыгып кеткенде, чоюлуп калганда, сөөк ооруганда;
  • Тери оорулары;
  • Суукта жугуштуу ОРВИ, ОРЗ жана грипп ооруларынын алдын алуу жана дарылоо;
  • Геморрой;
  • Кан оорулары;
  • Аллергиялык оорулар ж.б.

Азыркы учурда мумиену аптекаларда таблетка, бальзам жана пластинка түрүндө тапса болот.

Мумияны пайдалануу ыкмалары 

Азыркы учурда дарыканалардын дээрлик баарынан эле мумияны ыңгайлуу жасалган таблеткаларын тапса болот. Таблеткалардын салмагы 0,2 граммды түзөт. Ал эми кабыл алуу өлчөмү бир күндүкү 0,3 грамм. Демек, 3 таблетканы эки күн колдонсоңуз болот. Мумияны күнүнө эки жолу кабыл алуу талапка ылайык. Эртең менен ачкарын, кечинде тамактанаарга 30 мүнөт калганда. Бул көптөгөн оорулардын алдын алат жана дарылайт. Ошондой эле сагыз сыяктуу жана суюк бальзамы да болот.

Күйүккө: 

Жогоруда айтылгандай күнүнө эки маал таблеткасын ичип, ал эми күйгөн жерге суюгун сүйкөп колдоносуз. Ал үчүн бинтти бальзам менен нымдап алып күйгөн жериңизди таңып коёсуз.

Гемморойго: 

 Күнүнө эки маал таблеткасын ичип, дагы бир таблетканы 100 мл ысытылган өсүмдүк май менен аралаштырып мазь жасайсыз дагы көйгөйлүү жериңизге сүйкөйсүз. Уктаар алдында.

Кулактын угушу начарлаганда: 

Күнүнө эки маал таблеткасын ичип, кулагыңызга уктаар алдында эки тамчыдан тамызып коёсуз.

Экземада: 

Эки маал таблеткасын ичип, көйгөйлүү жерлерди алгач перекись водород менен тазалап, андан кийин жогорудагыдай мазь жасап сүйкөйсүз. Бул ыкманы бир жарым ай тынымсыз жасасаңыз экземадан толугу менен кутуласыз. Ал эми таблеткасын 20 күндөн эки жолу ичесиз. Ортодо 10 күн тыныгуу жасайсыз.

Мумия айымдар үчүн табылгыс каражат

100 мл өлчөмүндөгү денени сыйдамдоочу крем сатып алыңыз. Балдар үчүн арналганын алсаңыз деле жарай берет. Эгер целлюлити барлар ага каршы крем колдонсо болот.

Колдонуу: Айнек идишке сатып алган кремдин баарын сыгып саласыз, ага эки грамм мумияны бир чай кашык кайнак сууга ээритип кошосуз. Бир нече тамчы жожобо майын да кошуп койсоңуз болот. Баарын аралаштырып күн сайын кечинде көйгөйлүү жерлериңизге сүйкөп жатасыз. Массаж жасап сүртсөңүз жыйынтыгы тез эле байкалат.

Эртең менен жылуу сууга жуунуп аласыз. Калганын муздаткычка салып сактасаңыз болот.

 Экинчи ыкма: мумиянын таблеткаларын колдонобуз. Ал үчүн 50мл кремге 20 даана мумия таблеткасы кошулат. Мында суу кошпой эле кремге аралаштырып майлап аласыз.

Үчүнчү  ыкма: роза эфир майынан бир аш кашык алып, ага 1 грамм мумия кошосуз. Уктаардын алдында көйгөйлүү жерлериңизге сүртүп жатасыз. Эртең менен гана жуулат. Териңиз бир айга жетпей жакшы абалга келе баштайт.

Келишимдүү келбетке ээ болгуңуз келсе

Мумия тамак сиңирүү органдарын жакшы таасир бергендиктен, организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. Ачка болуу сезиминен кутуласыз. Кан басымыңыз калыбына келе баштайт.

Ал үчүн 4 жолу 20 күндөн, ортосунда 5 күндүк тыныгуу менен 0,5 граммдан 1 граммга чейин эртең менен тамакка чейин жана кечинде уктаар алдында ичип жатыңыз. Ашыкча салмактуулуктан арылып, иммунитетиңиз көтөрүлөт. 

Ар дайым жаш көрүнгүңүз келсе

Мумия кургак жана өңү өчкөн бет терисине “жан” киргизет. Ал үчүн 100 мл өлчөмүндөгү айнек идишке бир даана мумиянын таблеткасын салып, ага кургак кызыл шарап куясыз. Шараптын сапаты жогору болушу шарт.

Күн сайын кечинде жана эртең менен таза жуулган бетиңизди кебезди шарапка малып сүртүп турсаңыз болот. Муздаткычта сактайсыз

Мумия колдонуудагы сактала турган эрежелер: 

Мумияны 40 градустан ашык ысытууга болбойт. Таблеткаларды кабыл алууда канатылып, муздатылган суу ичиңиз. Жарым стакан ичсеңиз да болот. Ар бир курс 10 күнгө ылайыкталган. Натыйжасына карап, ортодон 1 апта тыныгуу жасап кайрадан кайталасаңыз болот. Мумия менен дарыланууда спирт ичимдигине, коюу чайга, кофеге жана башка дары- дармектерди ичүүгө катуу тыюу салынат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *