Мезгил
“Мурас-Ордо” конушунда жаңы мектеп пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, объектини куруу 2017-жылы башталган. Мектеп 550 орунга эсептелген.
Анын курулушун жыйынтыктоо үчүн 126 миллион сом талап кылынат. Бул каражатка инженердик тармактар салынып, жабдуулар орнотулушу керек. Долбоордун жалпы суммасы 255 миллион сомго теңелет.