Муса Баетов Кремлде көз жашын мөлтүлдөтө агыза ырдап, мукам  үнү менен бүткүл элди өзүнө бурган

Мезгил

Бир туугандары да ыр-күүгө жакын болушкан

Керемет үндүү Муса Баетов өтө боорукер, өзгөчө адамгерчиликтүү, ушак-айыңды билбеген, ашыкча сөзү жок, бирок, ачык айтып, ак сүйлөгөн, колу ачык, убадага, жолдошчулукка бек, ток пейил, сыпаа адам болгон дешет. Ал 1902-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Анын жети бир тууганы тең ыр-күүгө жакын болгон. Агасы Чодолдой комузду таңшытса, эжеси Үрпүкан комузду кубулжута кагып, Муса созолонто ырдап, шартылдата күү чертет.

Бала кезинен көрбөгөн кордугу, тартпаган азабы калган эмес

Ал бала кезинен көрбөгөн кордугу, тартпаган азабы калбаптыр. Муса 14 жашында 1916-жылы Үркүндө Машырбай, Жумабай аттуу байлар менен Кытайга качкан. Кашкар жергесинде Тоюн аймагын жердеп, отун алып, мал багып көптөгөн азаптарды тартып, ал эми 1917-жылы эл менен чогу туулган мекенине кайтып келет.

Өз бактысын тапканына сүйүнүп, бүт өмүрүн ыр-күүгө арнаган

Ал айтылуу обончулардын чыгармаларын терең сүйүү, жалындаган эргүү менен ырдаган. Бирок, татаал тагдырына, көргөн кордугуна карабай колунан комузун түшүрбөй, кубулжута ырдаган. Калк арасына “Ак-Сай”, “Сарт калмак”, “Кургур ай” аттуу элдик, Боогачынын “Үкөй”, Сыртпайдын “Сыртпайдын обону” деген чыгармаларын ырдоо аркылуу белгилүү болгон. Мусанын үнү жердигинен лирикалуу, элдик аваздык боёкторго сугарылган диапазону кенен, бардык регистерлерде уккулуктуу, кубаттуу чыккан, ыргактык белгилери боюнча драмалык тенорго тектеш болгон. Ошондой эле Тоголок Молодонун “Үрпүкан”, Нурдиндин “Нуркожо”, “Жаштын сыры” аттуу көлөмдүү ырларды көркөмдүү аткарган. Ошентип, Мусанын атагы Ак-Талаага гана эмес, Нарын өрөөнүнө белгилүү боло баштайт. Малайлыктан кутулуп, өз алдынча оокат кылууга жарайт. Эс тарткандан кептеш-кеңешчиси, акын Абдыкалыктын жардамы менен айылдашы Дервиштин кызы Иманбүгө үйлөнөт. Ал жактырган жарына баш кошкондугуна, өзүнүн бактысын тапкандыгына кубанып, бүтүндөй өмүрүн ыр-күүгө арнайт.

Көрө албастардын азабынан айылынан алыстаган

Мусанын жан дүйнөсү ыр-күүгө толуп, эл оозуна алынып, кадыр баркка ээ болуп калган кез. Мындай атагын көрө албагандар да көп болгон. 1922-жылы күз айларында эки манаптын ашы болуп, Нарындагы ырчы, комузчулар чакырылат. Ага Муса да катышып, аргендей авазы менен элдик ырларды ийине жеткире аткарат. Калың эл жаш ырчынын мукам үнүнө тамшанып кайра-кайра сурап угушат. Ошондо айтылуу манап Чоконун Казысы жыйылган элди көзүнө илбей, “чоордой үнүң ушубу?” деп Мусанын оозуна ортон манжасын салып, тамагын айрып салууга аракеттенет. Эл арачылап араң алып калышат. Бул окуядан кийин ырчы айылдан алыстап, Нарын шаарын байырлайт.

Калыктан таалим-тарбия алган

Акын Абдыкалык Мусаны 1924-жылы айтылуу Калык Акы уулу менен тааныштырат. Залкар акын менен такай байланышта болуп, Токтогулдун ыр-күүлөрүн угуп, Калыктан таалим-тарбия алат. Ал эми 1931-1934-жылдары Нарын шаардык радиосунда иштеп, элге эфир аркылуу ыр-күүлөрүн тартуулаган. Анын ысымы баштагыдан да угуучулардын арасына кеңири жайылат. Өз алдынча окуп, сабатсыздыгын жоёт. Үч жылдан кийин акын жана жазуучу Кубанычбек Маликовдун чакыруусу менен Фрунзе шаарына келип, Кыргыз драма театрына кабыл алынат.

Фрунзеге келип тажрыйба топтогон

Муса залкар шайырлар менен эл аралап гастролго чыгып, эл арасында кеңири оозго алынган. Анын өнөрүн борбордогулар 1943-жылдары тааный баштаган. Ал 1936-жылы уюшулган Кыргыз филармониясында иштей баштагандан тарта ырчылык, обончулук шыгын ар тараптуу өнүктүрүүгө умтулат. Муса өзүнүн кесиптештери менен эл аспаптарынан түзүлгөн оркестрди уюштурууга катышып, анын тунгуч музыканттарынын бири болот. Ошондой эле оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру Петр Шубинден музыкалык билим алат. Тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин аркасында үч уктаса түшүнө кирбеген нота менен 35-36 жаш курагында таанышат. Устаты Шубиндин талыкпаган эмгеги астында комуз-альтта ойнойт. Бир эле мезгилде оркестрде ырдоого жетишип, жамааттын тунгуч солисттеринен болот. Өзүнүн “Ойгоном”, “Даанышман”, “Арпанын Ала-Тоосунан”, Атайдын “Эсимде” аттуу ырларын оркестрдин коштоосунда аткарат.

Муса Кремлде көз жашын агыза ырдаган

Муса 1936-жылы Москвада өткөн адабият менен искусствонун он күндүгүнө катышып, Атайдын “Эсимдесин” эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдаган. Көпчүлүктү таңкалтырып берилүү менен көз жашын мөлтүлдөтө агызып, мукам  үнүн созолонтуп бүткүл элди өзүнө бурган. Анын замандаштары бир кездеги көкөй кескен  кедейчилигин эстеп, азыркы жашоосуна ыраазы болуп ыйлаган дешет. Ошондой эле 1945-1946-жылдары Муса Баетов Кыргыз мамлекеттик Ленин ордендүү опера жана балет театрында иштейт. Тубаса актёрдук шыктагы Муса Бает уулу композиторлор Власов, Абдылас Малдыбаев, Ференин “Айчүрөк”, “Манас” операларынан Күлчоронун, Сыргактын, Алмамбеттин ролдорун мыкты аткара алган. Ошентип, Муса элдик ырчыдан профессионалдуу опералык ырчыга чейин өсүп, зоболосу баштагыдан да бийиктейт.

Узак оорудан көз жумган

Муса урматка батып, элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, булбул аталып, чыгармачылыгы гүлдөп турган кезде 47 жашында, 9-май күнү узакка созулган оорудан көз жумган.

1981-жылы өзү туулган Ак-Талаа районунун борборуна Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган. 1992-жылы анын 90 жылдыгына карата Баетов айылындагы Ломоносов атындагы орто мектепте үй-музейи ачылып, элдик баалуу буюмдар менен залкар шайырдын жеке буюмдары коюлган.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *