Мезгил
Мушкер Азат Үсөналиев эл аралык турнирден алтын медаль тагынды.
Финляндияда жыйынтыкталган Gee Bee мелдештерине 15 мамлекеттен келген спортчулар катышты.
Кыргызстандык мушкер 52 килограмм салмак категорияда чыгып, 2 беттеш өткөрдү. Биринде индиялык, экинчисинде казакстандык атаандаштарына үстөмдүк кылып, алтын медалды багындырды. Жакында эле Үсөналиев Бишкекте өткөн ири турнирдин дагы чемпиону аталган.