Мушкер кыз Валентина Шевченко бий сынагына катышты

Мезгил

Балбан кыз Валентина Шевченко Перу шаарында өткөн бий сынагына катышты. Ошондой эле 2013-жылы дагы Шевченко аталган сынакка катышып, баш байгени жеңип алган.

Ал эми бий сынагында чимириле бийлеген видеосун Валентина өздүк баракчасына жарыялаган.

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко ар бир мелдешиндеги жеңишинен кийин дайыма октагондо бийлөөнү салтка айлантып келет.

Мушкер Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында америкалык Жессика Айды утканда, UFC Fight Night 156 мелдешинде америкалык Лиз Кармушту жеңгенде кубанычын бий аркылуу чыгарган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *