Музейдин “кыгы” 40 жылдык болгондо тазаланып. Мына сага жаңылык (фото)

   Мезгил

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейи келерки жылы 85 жашка толгону турат. Бул музейди Мира Жангарачева деген эжекебиз жетектеп келет. Ага чейинки жетекчиси Юристанбек Шыгаев музейдеги сүрөттү мыйзамсыз сатты деген айып менен жумуштан алынган эле.

Кара басып, мына ошол Бишкектин чак ортосунда жайгашкан музейдин шамчырагын (люстра) 40 жылдан бери чаң басып туруптур. “Атайын тазалоочу өнөр жай шайманы болбогондуктан шамчырактын тазаланбаганына 40 жыл болду” деп, музейдин өкүлдөрү ЖМК өкүлдөрүнө мактангандай маалымат бериптир. Эми “40 жылдык “кыкты” тазалоого менчик клинингдик компания (үй, кеңселерди тазалаган жалданма жумушчулар) жардамга келип, маданиятчылардын ажатын аябай ачыптыр да.

Сүрөттө көрүнүп тургандай асманда асылып турган шам чыракты тазалоодо эч кандай ажайып өнөр жай аспабы пайдаланылган эмес. Кадимки эле курулуш иштеринде пайдаланылуучу тактайча (леса) колдонулганы көрүнүп турат. Бул жерде музейдин кызматкерлери кудайды карабай туруп калп айтышкан. Укмуштуунун төөсү жорго деп ушуларды айтса болот. Курулуш тактайчалары (леса) союз убагында деле болгон. Аны эстелик жасаган бейнечилер колдонуп келишкен. Ал эми Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сүрөттөн башка эменелер бар эле? Албетте, бейнелер, бюсттар, эстеликтер.

Курулуш тактайын учурда 7 миң сомго сатып алса болот. Ал эми курулуш базарларында 1 комплектиси 500 сомго ижарага берилет. Ал эми клининг компаниясынын 2 кызматкеринин 1 күндүк эмгек акысы 1+1=2 миң сом дейли. Ал эми ортомчулар, компаниянын жетекчилиги канча акы алды экен? Музей жетекчилиги 40 жылдык “кыкка” 40 миңден ашуун төлөшкөндүр? Муну билгендер барбы?

 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *