Мыйзамсыз алынып келинген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды

Мезгил

Баткен облустук бажы кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен алынып келинген 10 тоннадан ашык жүзүм кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Лейлек-Баткен унаа жолунда «DАF» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Аны текшерүүдө желим кутуларга салынган 10 тонна 132 килограмм жүзүм табылды. Ал товардын тийиштүү кагаздары болгон эмес.

Аталган факт каттоого алынып, материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *