Мыкты адистер -ийгиликтин башаты: Темиров телеканалдардын бирин жетектемей болду

Мезгил

Журналистика тармагында мол тажрыйбалуу – Каныбек Темиров жаңы ачылган телеканалдардын бирин жетектемей болду.

“Мыкты адистер — ийгиликтин башаты” демекчи Каныбек Темиров буга чейин «7-канал» телекомпаниясынын Бишкек өкүлчүлүгүндө башкы редактор кызматын аркалап келген.

Ал убагында КТР жана ЭлТР телекомпанияларында диктор, редактор, продюсер, аналитика-маалымат борборунда шеф редактор, башкы режиссер, көркөм жетекчи болгон. 2010 -2013-жылдары «Голос России» радиосунда диктор болуп эмгектенген.

Бул инсан менен качандыр бир иштешкендер бир ооздон анын кесипкөй адис гана эмес мыкты менеджерлик сапаттарга ээ экенин айтышат.

Биз, Каныбек Темировго ийгилик каалоо менен бирге ал жетектей турган  телеканал негизги милдети катары — коомдогу агартуучулукту карманат, жалан эле терс көрүнүштөрдү көрсөтө бербей, оң жактарды да көбүрөөк даназалоого умтулат деп терең ишенебиз.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *