Өнөктөшүн алдаган депутат эми мамлекетти алдай баштадыбы?

Мезгил

Депутат Абдимуктар Маматов 5 ишканасын жашырган

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынан парламентке келген Абдимуктар Маматов 2015-2016-жылдарда тапшырган деклорациясында өзүнө тиешелүү 5 компания тууралуу жашырып келген. Салык кызматына киреше жана мүлк тууралуу берилген отчётто компаниялардагы ээлик үлүшү тууралуу маалымат берилген эмес.

Депутаттын декларациясында 2015-жылы – 1,4 миллион сом, 2016-жылы 935 миң сом киреше иштеп тапкандыгы көрсөтүлгөн. Бул жылдарда 256 жана 176 чарчы метр болгон 2 үйү бардыгын көрсөткөн. Ал эми туугандары 137 чарчы метр болгон батирге ээ экендигин жазган.

Салык мекемесине берген отчётунда депутат эч кандай бизнесим жок деген. Анын өзүнүн айтканы боюнча 4 ишканасы бар жана 1 ишканасы ал депутут болуп шайлангандан 2 жылдан кийин жабылганы айтылган.

 «Пазилат» компаниясы

“Пазилат” ЖЧКсы 2005-жылы 29-ноябрда Өзгөн районунан каттодон өтүп, 2 киши ээлик кылат, жетекчиси –  Алиев Талайбек Маматович. Негизги ишкердиги – тамак-аш азыктары, ичимдиктер, тамеки продукцияларын сатуу. 2013-2018-жылдары салыкка 929 миң сом, анын ичинде 142 миң сомдон ашуунду 2018-жылы төлөгөн.

 «Мунайзат» компаниясы

“Мунайзат” ЖЧКсы 2018-жылы 19-ноябрда Жалал-Абаддын өндүрүш зоонасынан кайра каттодон өтүп, Маматов жалгыз ээлик кылат. Негизги ишкердиги – адистешпеген дүң соода. 2013-2018-жылдары салыкка 4 миллион 148 миң сом, анын ичинде 582 миң сомдон ашуун каражатты  2018-жылы төлөгөн.

 

«Баткен Петрол» компаниясы

“Баткен Петрол” ЖЧКсы 2011-жылы 6-декабрда Кызы-Кыя шаарынан каттодон өтүп, Маматов жалгыз ээлик кылат. Негизги ишкердиги – авиа жана авто күйүүчү майларын дүнүнөн сатуу. 2013-2018-жылдары салыкка 93 миллион 500 миң сом, анын ичинде 2,3 миллион сомду 2018-жылы төлөгөн.

 

«Дом Быта» компаниясы

“Дом быта” ЖЧКсы 2006-жылы 13-июнда Жалал-Абад шаарынан каттодон өтүп, Маматов жалгыз ээлик кылат. Негизги ишкердиги –өздүк кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү. Салык төлөгөндүгү тууралуу маалымат жок.

 

«Баткен Петролеум» компаниясы

“Баткен Петролеум” компаниясына Маматов кош негиздөөчү болгон. Депутат болгондон кийин 2 жылдан соң жабылып калган. Компания Кызыл-Кыядан катоодон өткөн. Мунай сатуу менен алектенген. Салыкка болгон төлөмдөр боюнча маалымат жок.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынан парламентке келген Абдимуктар Маматовдун декларациядан жашырган 5 компаниясынын баяны ушундай. Ал эми Маматовдун өнөктөштөрүнүн пикири кандай? 

Дело:  2018-жылы Маматовдун өнөктөшү болгон Каратаев Таабылды маалымат жыйынын өткөрүп Жогорку Кеңештеги «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов убагында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкалар түптөгөн «Мунайзат» ЖЧКсынын акцияларын рейдерлик жол менен тартып алганын айтып чыккан.  

Ал туура 22 жыл мурун, тактап айтканда 1993-жылы Таабалды Каратаев, Рашид Бостонов, Равшан Бостонов, Турдухан Абилова (А. Маматовдун аялы), Алишер Базаркулов, Таалай Сартпаевдер биригип калкты нефти продукциясы менен камсыз кылуу максатында «Мунайзат» ЖЧКсын (учурдагы «Петрол Груп») түзүшөт. Бул ЖЧКда Т. Каратаевдин үлүшү – 28, Рашид Бостоновдуку – 27, Т. Абилованыкы – 27, Равшан Бостоновдуку – 6, А. Базаркулованыкы – 6 , Т. Сартбаеваныкы – 6 болуп бөлүнгөнүн айтат.  «Мунайзатты» ирилештирүү максатында анын негиздөөчүлөрү 1998-жылы ишкананы кайрадан каттоого алышып, анын базасында «Мунайзат» ЖАКсын түзүшөт.

– Кайра катоо процессинен тарта «Мунайзатта» түшүнүксүз кырдаалдар башталат. Тактап айтсак, кайра каттоодо белгисиз себептер менен негиздөөчүлөрдүн курамынан Равшан Бостонов, Алишер Базаркулов, Турдухан Абилова жана Таалай Сартбаевдер чыгып калат. Алардын ордуна ошол учурда Жалал-Абад нефти ишканасынын башкы директору болуп турган, учурдагы депутат Абдимуктар Маматов негиздөөчүлөрдүн курамына кирип, заматта эле 64 акциянын ээси болуп калат. Ал эми 28ка ээлик кылган менин үлүшү белгисиз себептер менен 20 ка түшкөн. Ал эми мурда 27 ка ээлик кылган Рашид Бостоновдун үлүшү 16 болгон.

Мындай көз боемочулукту бекемдей турган конкреттүү документтер колубузда турат. Бирок, иш ушуну менен эле токтоп калган эмес. Андан ары Абдимуктар мырзанын арааны дагы ачылган. Ал «Мунайзат» ЖЧКсына толук бийлик жүргүзүү аракетин катуу жасай баштаган. Тактап айтканда 2009-жылы ошол учурдагы бийликтин жардамы менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма протоколдун жардамы аркылуу кошумча акцияларды чыгарган. Ал эми Устав боюнча кошумча акцияларды чыгаруу үчүн акция ээлеринин үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу керек болчу. Мындай макулдукту эч ким берген эмес-дейт Каратаев.

 Демек, ал компаниянын Уставын бузуп, өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жасалма документтерди одоно түрдө жасай берген. Анын мына ушундай кадамдарын башка акционерлер билгенден кийин алар токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кайрылышкан.

-Тиешелүү органдар Маматовдун кадамдары мыйзамсыз экендигине ынанышканы менен эч кандай чара көрө алышкан эмес. Мындай кырдаал Абдимуктар мырзанын араанын ого беш бетер ачып, «Мени эч ким жазалай албайт» деген ишеним менен өзүнүн акциядагы үлүшүн 73,18 өзүм билемдик менен көтөргөн. Ал эми Р. Бостоновдун үлүшүн 11,92ка, менин үлүшүмду 14,9ка түшүргөн. Ал мына ушундай кадам жасаганын жадакалса акционерлердин өзүнө айтып да койгон эмес. Мына ушундай көз боемочулугу менен Маматов «Мунайзат» ЖЧКсынын толук кандуу кожоюуна айланган. Устав боюнча мындай чечимди кабыл алыш үчүн дагы акционерлердин үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу керек. Тилекке каршы мындай эрежени да айланып өткөн Маматов өзүн-өзү кожоюн кылып дайындап, ЖЧКнын мүлктөрүн өзү каалагандай жакындарына сата баштаган.

Мисалга, Жалал-Абаддагы 1 гектар жери менен кошо нефтебазаны болгону 950 миң сомго саткан. Анын реалдуу баасы 1 миллион АКШ долларынан ашат. Мына ушундай баалуу делген мүлктөрдүн бардыгы Маматов тарабынан сатылган. Ал эми анын негизги сатып алуучулары өзүнүн аялы Т. Абилова жетектеген «ТОРУ» ишканасы, уулу Акылбек Маматовго таандык «Баткен Петрол» ЖЧКсы болгон. Мындан тышкары ал өзүнүн кайнагасы А. Абиловду директорлор кеңешине мүчө кылып дайындаган. Ал бардык жерде, кандай кырдаал болбосун Абдимуктар Маматовду колдоого алып келет. Бир сөз менен айтканда ал «Мунайзат» ЖАКсын үй-бүлөсүнүн гана оокатына айлантып алган.

Бирок, Абдимуктар мырзанын арааны ушуну менен эле токтоп калган эмес. 1993-жылдан тарта 2010-жылга чейин «Мунайзат» компаниянын негизги каражаты 640 миллион сомго бааланган. Мен башкы директорлуктан кеткенден кийин эки жыл чет мамлекеттердин биринде жашоого мажбур болдум. Баарынан кызыгы мен  кайрадан кайтып келгенде Маматов ансыз да азайып калган менин жана Бостоновдун акцияларын мыйзамсыз түрдө биротоло менчиктештирип алганын билдим-дейт Каратаев.

Муну билишкенден кийин Каратаев менен Бостонов Маматовдон өздөрүнүн акцияларынын жок дегенде базар баасындагы баасын беришин, же болбосо ишкананын калган мүлктөрүн акционерлер арасында пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүүнү талап кылышкан. Бирок, Маматов өзүнүн депутаттык мандатына манчыркап, бир кезекте аталган ишкана үчүн опол тоодой салым кошкондорду кабинетинен кууп чыккан. Ошондон бери карай акцияларынан мыйзамсыз түрдө ажырап калган акционерлер укук коргоо органдарына кайрылып келишет экен. Бирок, натыйжа жок.

Биз төмөндө «Мунайзат» ЖЧКсынын 2010-жылдагы 640 миллион сомго бааланып турган жалпы активдерин келтиребиз:

442 миллион сом өлчөмүндөгү обороттук каражат.
13 даана бензин куючу станция (АЗС).
Көптөгөн техникалар жана имараттар.
Жалал-Абад нетибазасы (4000 метр куб).
Кызыл-Кыя нефти базасы (1800 метр куб).

Бүгүнкү күндө бул саналган материалдык жана материалдык эмес мүлктөр Абдимуктар Маматовдун уулу Акылбек Маматовго таандык «Петрол Груп» компаниясынын менчигинде турганын эскерте кетели. Бир кезекте «Мунайзатты» бутуна тургузуу үчүн акыркы сомун да аябай чуркап иштегендер мына ушундайча көчөдө калып калышкан.

Ал эми адеп башында бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында жок болгон Абдимуктар мырза минтип учурда компанияга толук ээлип кылып келет. Акыйкаттык деген кайда? Биз бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөштүн жүрүп атканын билебиз. Бирок, ал күрөш азырынча Абдимуктар Маматовго жете элек.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *