Начальник Нурлан Амангулов эмне себептен ок чыгарган?

Мезгил

Бишкек ШИИБнын УКТменен күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Нурлан Амангулов кечөө эрте менен 8дер чамасында болгон окуяда кызматтык тапанчасынан ок чыгарган. Анын кесепетинен А.Ж. аттуу 25 жаштагы Бишкектин 1994-жылы туулган жараны жабыр тарткан. Анын колунун сөөгүн ок көзөп кеткен. Сабыр Жумабековдун айтуусу боюнча жабырлануучунун абалы орто, жараты дарыланып, колуна гипс салынган. Учурда пландык операцияга даярданып жатат.

Атышуу Масалиев жана Алымкулов көчөлөрүнү кесилишинде болгон. Жол талаша кеткен эки айдоочунун ортосунда мушташ чыккан. Андан соң Бишкек ШИИБнын УКТ менен күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Нурлан Амангулов кызматтык тапанчасынан асманга ок чыгарган. Жабыр тарткан бала буга көңүл бурбаган учурда ага карата коргонуу максатында ок чыгаргам  дейт Амангулов. Начальниктин айтуусу боюнча жабыр тарткан жигиттин колунда белгисиз буюм болгон жана ал Амангуловду бетине чапкан.

Албетте окуянын чоо-жайын тергөө иштери аныктайт. Бишкек ШИИБнын УКТ менен күрөшүү бөлүмүнүн начальниги Нурлан Амангуловдун кызматтык тапанчасын пайдалангандыгы мыйзамдуубу, же кызмат абалынан ашкере пайдалангандыкка киреби, тиешелүү органдар жыйынтык чыгарат. Деген менен бул окуя боюнча жыйынтык чыгараардан  алдын өлкөдө мыйзамдуулуктун калыптанышына өзгөчө көңүл буруу керек. Эгерде бул окуя да мыйзамдуу баасын албай, көз жаздымда калып кете турган болсо, анда Амангуловдун жоругу көпчүлүккө үлгү катары тарап кетери шексиз.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *