Надира Нарматова: Атамбаевдин “мен адаштым” деген сөздөрү акылга сыйбаган иш

Мезгил

Учурдун саясаты

Учурдагы саясий кырдаалыбыз бүгүн эле жаралган маселе эмес. Акыркы эки жылдан бери, өзгөчө акыркы эки-үч айдан бери мурунку жана кийинки президенттердин пикир келишпестиги, бири-бирине болгон сый-урматынын кетип баратканынан улам бүгүнкү абал пайда болду. Эки адамдын пикир келишпестиги жалпы элдин тагдырына байланганы улуттук баалуулукка, адамкерчиликке дал келбей турган абал болуп калды.

Убагында президенткке жакшы шарт түзүлгөн

Мурдагы президентибиз Алмазбек Шаршеновичти мыйзам жолу менен 6 жылга шайладык. 2010-жылдагы тополоңдон кийин эл тынчтыкты каалап, чоң митингдер деле уюшулган жок. Тынч жашадык, мындан улам бийликке карама-каршы көрсөтүлгөн акыбал түзүлгөн эмес. Алмазбек Шаршеновичтин иштөөсүнө 6 жыл бою толук кандуу шарт түзүлдү. Ал эми учурда айтылган сөзү менен жасалган ишинин шайкеш келбегендиги, эл алдында башка сөз сүйлөнүп, жасаган иши теңирден тескери болуп, мыйзамга каршы аракеттерди жасап жатат. Мыйзам менен жашаганды үйрөнүшүбүз зарыл.

Бийликке каршы сүйлөгөн адамды камачу

Атамбаевдин бийлиги учурунда бийликке каршы сүйлөгөн адамдын күнөөсү далилденбесе да камачу. Тергөө жүргүзүп-жүргүзбөй сотточу. Айласы кетип, моюнуна күнөө коё албай калса айып салып чыгарып жатты. Бүгүнкү кырдаал мурунку бийликтин түзүп кеткен системасы. Эгер мурунку иштерин мыйзамдуу деп эсептесе, бүгүнкү козголгон иш да мыйзамдуу. Мурдагы президентибиздин “уурунун орду түрмөдө, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, уурулук кылса президент да соттолуш керек” деген сөздөрү соц. тармактарда, сайттарда жарыяланып турат. Буга коңшу мамлекеттер да күбө. Ошол айткан сөздөрү чын болсо, өзү камаган адамдарын туура камадым десе, өзү түзгөн система дале өзгөрө элек. Ошол эле мыйзамдар менен жашап жатабыз. Алмазбек Шаршенович мыйзам менен мурдагы эл башчысы катары, үлгү катары, өзүнүн жүргүзгөн бийлигин далилдеш үчүн мыйзамга каршы чыкпоосу зарыл. Элди өзүнө көңүл бурдурбай, таш чогултуп, атышам дебестен, суракка барышы керек. Текеберленип, суракка үч жолу келбей, Кой-Ташта өзүнчө пиар жасап, концерт уюштуруп күлкүлүү иш жасап жатканы туура эмес.

Элдин тынчын алып жатат

Чындыгында мурдагы жана кийинки президенттин тиреши деп айтууга болбойт. Бул жерде Атамбаев оюна келгенин жасап, суроону өзү берип, кайра өзү жооп берип, элдин тынчын алып жатат. Ал эми Сооронбай Шарипович унчукпастан, өз ишин жасоодо. Укук коргоо органдары мыйзам менен өз ишин аткарып жатат.

Мамлекеттин тагдыры оюнчук эмес

Бул жерде айтылбай турган жеке мамилелерин, таарынычтарын да коомчулукка таратышты. Шайлоону легитимдүү деп, ыр жазып, тилегин айтып, өзү жетелеп келип, кабинетине отургузуп, мындан башка жакшы адам жок деген. Легитимдүү шайлоо деп жарыялап, эки-үч айдан кийин легитимсиз деп чыкты. Анда биз 6 жыл бою акыл-эсин жоготуп койгон адамга тагдырыбызды тапшырып олтурганбызбы? “Мен адаштым” деген сөздөрү акылга сыя турган иш эмес. Президенттик бийлик оюнчукпу, же кыргыз эли оюнчукпу? Айткан сөзүнөн кайта бергенин кандай түшүнсө болот. Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шариповичти бири-бирине ант ичирип, кыргыз эли дос кылган эмес.

Шайлоону легитимсиз өттү дейт. Легитимсиз өткөргөн штабды башкарган СДПК партиясы да. Мыйзамды бузуп ошол кезде президент болуп турганда “Менин досум гана тагдырыңарды чечип берет” деп үгүт иштерине катышкан. Ушундай иштерди жасап туруп, адаштым десе боло бермек беле. Мамлекеттин тагдыры оюнчук эмес да.

Антты аткаруу керек

Жеке көз карашымда 2010-жылы кандуу төңкөрүш болду. Берген убадалыр аткарылган жок. Айткан сөздөрүнөн кайта берсе ал төңкөрүштүн кереги бар беле? Ошол кезде 87 баланын өлүмү алдында ант беришкен. Антты аткаруу керек эле. Биздин өлкөдө болгону тынчтык гана өкүм сүрүп келди. Калган реформалардын, жасаган иштердин аркасында коррупциялык система орун алып, алты жыл бийлеген бийликтин кулагы эми  чыгып жатат. Ал эми 87 баланын өлүмү боюнча айтсам, ким аркылуу өлдү, революция аркылуу өлдүбү, ачыкталган жок. Мамлекетибизге өзгөрүү жасай албаса, таза бийликти орното албаса, коррупция менен күрөшүп, жоопкерчилик болбосо, экономика өнүкпөсө, социалдык мутаждыктар канааттандырылбаса, элибиздин турмуш-шарты оңолбосо төңкөрүштүн зарылчылыгы бар беле? деген суроо өзүнөн-өзү келип чыгат.

Ич күйдүлүктүн айынан парламенттик башкаруу күчүн жоготту

Конституцияда “парламенттик башкаруу” деп жазылганы менен бир жарым жыл гана Ахматбек Келдибекович спикер болуп турган мезгилде парламенттик башкаруу менен иш алпара алдык. Бир фракцияда болгон үчүн мактаганым эмес, Ахматбек Келдибекович спикер болуп турганда парламенттик башкаруу болду, мыйзамдын негизинде иштедик. Ал кезде бийлик башында турган Роза Исаковна менен Алмазбек Шаршенович да, спикер Ахматбек Келдибекович жана парламент депутаттары менен эсептешчү. Биринчи жолу парламенттик башкаруу болуп, чыныгы мыйзам менен иш алып барылып, депутаттардын дагы жоопкерчилиги жогору болгон. Ар кандай маселелерди парламенттик башкаруунун арты менен бир жарым жылдай жакшы көтөрүп жүрдүк. Ошентип парламенттик башкаруу күч алып, президенттик башкаруу күчүн жоготуп бараткан кезде ич күйдүлүк башталды. Спикерди күч менен алып түшүштү. Андан кийин парламенттик башкаруу күчүн жоготту. Бүгүнкү күндө парламенттик башкаруу дегенибиз менен муну ачык эле “президенттик-парламенттик” башкаруу деп айтсак болот. Атамбаевдин тушунда күчтүү оппозицияда келген “Ата-Журт” фракциясынын үч лидерин камап салышкан. Ошондо да “Ата-Журт” фракциясында күчтүү депутаттар көп болчу, оппозиция бар экени билинип турган.

2010-жылы ызы-чуу болуп, тополоңдон кийин өткөн шайлоодо бийлик 120 депутаттын тизмесин иргей албай калган. Ошондо 5-чакырылышка 70-80% өз позициясы бар депутаттар шайланып келген. Тажрыйбалуу депутаттардын көптүгүнөн улам парламенттик башкарууну кармап калууга аракет кылышкан. Ал эми 2015-жылы Алмаз Шаршенович өзү айткан “чимкириктерди” бирден тизмелеп электен парламентке өткөргөн. Алмаз Шаршеновичтей “чимкирик” деп айта албайм, алардын арасында аз санда болсо да тажрыйбалуу иш алып барган депутаттар бар.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *