Надира Нарматова: Атамбаевдин ЖЭБ, Батукаев, Улуттук тарых музейи жана «Түндүк-түштүк альтернативдик жолу» боюнча шектүү аракеттерине Матраимовдун эмне тиешеси бар?

Мезгил

Кандай маселе болбосун өз позициясын билдирип, калыс пикирин айткан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырлышынын депутаты Надира Нарматовага байланышып, коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан Райымбек Матраимов тууралуу айрым суроолорго жооп алдык.

– Надира эже, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент сотторго, прокурорлорго Райымбек Матраимовдун декларациясын текшерип, туугандарын кызматтан албаса, Жээнбеков менен Атамбаев элдешпейт деген пикирин айтып чыкты? Матраимовду Жээнбеков менен Атамбаевдин мамилесине байлаганыбыз туура элеби?

– Атамбаев ыгы келсе да, келбесе да асыла берип, бийлик калкалап аткандай таасир калтыргандай сөздөрү менен соопчулук иштер менен алек болуп жүргөн Матраимовдорго жаңы өң, жаңы түс берип, чоң саясатка аралашышына жол ачып берди. Башкача айтканда, Атамбаев өз жоопкерчилигин Райымбек Матраимовго оодара салам деген аракети менен аны Кыргызстанга таанымал кылып койду. Бул жагынан кара пиар кылам деп үлгүлүү иштерин элге жарыялап берген Атамбаевге рахмат. Башкача айтканда, Атамбаев ыгы келсе да, келбесе да асылам, жаман көрсөтөм деп атып, тескерисинче Матраимовдордун мактоого татыган үлгүлүү иштерин жалпы журт биле турган мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт болуп, соопчулук иштен башка жаман иштерге аралашпаган үй-бүлө тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатышты.

Башкача айтканда, алардын мыкты экенин моюнга алгылары келбей жаткандар анын атын саясатка аралаштырып, бирөөнүн колу менен чок кармагысы келип жаткандай таасир калтырат. Чынында Матраимовдор жаман иштерден оолак болуп, соопчулук иштер менен алек болушкан адамдар. Мен билгени өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан кишилердин көз жашын арчып, каражатын төлөп, дарыланышына, сакайып кетишине шарт түзүшчү.

Кыскасы, Матраимовдор тапкан пайдасынан карапайым эл менен бөлүшүп, карапайым элдин муктаждыгын чечүүгө жумшап, турмушу оорлордун жеңилин жерден, оорун колдон алышчу. Ачыгын айтканда, мындай ар тараптуу, ар багыттуу соопчулук иштерди миллионермин, баймын дегендин баары эле жасай бербейт. Ага да эрк, каалоо керек. Болбосо Матраимовдорго окшогон байлар, ишкерлер Кыргызстанда жүздөп саналат. Баары эле Райымбек Матраимовдой март эмес. Финполициянын текшерүүсүнөн кийин чыккан салыкты заматта төлөп коюу да Кыргызстанда сейрек кездешет.

– Карамушкинанын айткандарына келсек.

– Баса, Карамушкина тоту куш болуп, Кыргыздын керекке жараган мекенчил балдарына асылып, бирөөнүн жеке амбициясын коомчулукка жеткиргенден башка эмне кылды? Үч чакырылыштан бери Кыргыз улутунун баалуулуктарын тебелеп-тепсеп, ич ара чыр салып, кыйкырып-бакырып, коомго жик салып, шефине кызмат кылгандан башка эмне жакшылык кылыптыр? Матраимовдор Атамбаевдин жана анын Карамушкинага окшогон командасы үчүн эмес, катардагы, төмөнкү катмарда жашап жаткан карапайым эл үчүн керек.

Мамлекеттин казынасына кол салган, Карамушкина колдогон адамдар тескерисинче, мыйзам алдында жооп берсин. “Кыз боозуп алып, энесин коркутат болбой”.

Атамбаев менен Жээнбековдун тирешине Матраимовду байлагандык, суу кечпеген көрүнүш. Чынында Атамбаевдин ЖЭБ, Батукаев, Чолпон-Атадагы ат майданы, Улуттук тарых музейи жана «Түндүк-түштүк альтернативдик жолу» боюнча шектүү аракеттерине Матраимовдун эмне тиешеси бар? Атамбаев өзүнүн тагдырын Матраимовдорго байлап алганы орунсуз, осол иш болуп калды.

– Айтканыңызга ынаналы, бирок, коомчулукта Райымбек Матраимов салыкты жашырганы үчүн да жоопко тартылыш керек деген пикирдегилер чыга баштады го?

– Салыкты ошол замат төгүп, кылмыш курамында жок экендиги көрүнүп турса да, айрымдар аны каралоо максатында бөйрөктөн шыйрак чыгарып, салык төлөсө да жоопко тартылышы керек деп жатышат. Чынында Матраимовдордой байлар Кыргызстанда толтура. Финполиция жок дегенде 200 байдын тизмесин тизмелеп текшерсе, жеке менчик ишканалардан жашырылган жүздөгөн салыктарды аныктаса, төлөөгө мажбур кылса, калыстык болмок. Саясат кылып буларга гана таандык фирмаларды текшерип жатышат. Чынында мамлекеттин ичинде жеке менчик ишканаларды, акционердик компанияларды иштетип жүргөн, миллионер, бай атка конгон жалгыз эле Матраимовдор эмес да.

 Матраимовдор төккөн же финполиция аныктаган 24 млн 275 миң сом салык мамлекеттик ишкананын же мамлекеттик казынага кол салган, уурулуктан тапкан каражат эмес да. Ошондуктан мамлекеттик ууру, коррупционер деп, Матраимовдорду кечке эле каралап, мокочо кылып көрсөтө берүүнүн зарылчылыгы жок.

Эгерде мамлекеттин жардамын алып, тиешелүү пайда таап, салыгын төкпөй койсо кылмыш жоопкерчилиги тууралуу сөз кылсак болот эле. Эгерде Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары катары мамлекеттик казынага бир тыйын зыян келтирген болсо же бир документке туура эмес кол койгон болсо, укук коргоо органдары эчак эле камап салмак. Эгер бажы тармагында мыйзамсыз аракеттер, туура эмес иштер болсо Бажы тармагынын төрагасы жооп бериши керек. Анткени Матраимов төраганын чарбалык иштер боюнча орун басары гана болгон. Ал бул кызматка бир жылдан ашык гана иштеген.

Айтайын дегеним, Атамбаев бийликте турган жылдары Бажы тармагынын төрагасы болуп анын сүймөнчүгү, жеке кадры болгон Кубанычбек Кулматов үч жолу төрага болуп, төрт жыл Бажы тармагын башкарган. Ошол үчүн бажы тармагында мыйзам бузуучулук, коррупциялык схемалар орун алган болсо, катачылыктарга жол берилген болсо Матраимов эмес, төрага Кубанычбек Кулматов жооп бериш керек. Эгерде мыйзам ченемдүү талап болсо.

Жыйынтыктап айтканда, бажы тармагында коомчулукта айтылып жаткан ача пикирлерге Райымбек Матраимовду күнөөлөбөй, жалпы бажы тармагында 30 жылдан бери уланып келе жаткан системаны өзгөртүп, реформа жүргүзүш керек. Башкача айтканда, бажы тармагына мыйзамдуу өзгөртүү киргизүү учурдун талабы болуп турат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *