Нариман Түлеев: Атамбаев Индиядагыдай ыйык уй эмес

  Мезгил

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу  экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча билдирүү таратты. Анда Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу керектиги жана мыйзамдын негизинде элдик штаб түзгөнүн айтат.

“Мыйзам баарына бирдей, ошондой эле А.Атамабаевге дагы. Эгерде анын өзүнүн партиясы өз  лидери  үчүн күрөшпөсө анда дагы кимди күнөөлө керек? Атайын кызматты курал менен атам деп чакырык таштоо –бул кылмыш. Бийликке баш ийбөө. Эң алгач медициналык текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Балким, мындан соң эч кимди кылмыш жоопкерчилигине тартуу болбойт.

 Мен 2000-жылдан бери алар менен жакшы мамиледе болуп келгем жана чын жүрөктөн сыйлайт элем.  Бирок 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин аябай өзгөрүп кетти. Акыркы Атамбаевдин айланасында болуп жаткан  окуялардан кийин бардык КРнын кайдыгер карабаган жарандарына,  бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңешке  жана коомдук жана  саясий ишмерлерге кайрылам.Мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча элдик штаб түзөм. Бул штаб эч кандай саясий боёкко ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын коргобойт.

Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлигин колдобойбуз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз мыйзамдын духу жана тамгасы сакталышын гана каалайбыз, штабдын ишмердүүлүгү саясатташпайт жана мыйзамдуулукту сактоого гана багытталат. Атамбаевдин катачылыгын далилдеш үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүшүн жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат. Биз колубузга Конституцияны жана кодекстерди гана кармап, анын тарапташтарын мыйзам чегинде аракет кылууга чакырабыз. Азыркы учурда аны  эч ким чакырган жок, камоого да  аракет кылган жок, эгер суракка алууну каалашса ал тергөө органдарына башка жарандар сыяктуу эле келип  өз көрсөтмөлөрүн бериши керек” дейт  ал. 

Муну  менен катар эле  Түлеев  Алмазбек Атамбаев тергөө органдарына суракка башка жарандар сыяктуу эле келиши керектигин белгилейт.

 “Биз Индияда эмеспиз жана ал ыйык уй эмес. Чоң масштабдагы саясатчы катары өзүн көрсөтүп келе жаткан киши баарыбызга үлгү болушу керек. Эгерде ал күчүн көрсөткүсү келсе курал менен эмес, эрки менен көрсөтсүн. Ал өзүнүн эркин муштумдай түйүп коркпой барышы керек жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек”-деди  мурдагы мэр.

Булак:  Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *