Нариман Түлеев Атамбаевдин иши боюнча суракка чакырылды

 

Мезгил

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу жөнүндөгү иш боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырылды.   Бул тууралуу анын кызы Назгүл Түлеева интернеттеги баракчасына жазды.  

«Атамбаевдин иши боюнча суракка чакыра башташты, бүгүн болсо атам чакырылган» – деп жазды ал.  

Жергиликтүү маалымат каражаттар Түлеев экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин караган депутаттык комиссияга “Атамбаев шайлоо компаниясына деп андан 500 миң доллар алганын билдирген кат жибергенин” жазышкан.

Эске салсак, Атамбаевден кол тийбестикти алып салуу тууралу иштин материалдарын Жогорку Кеңеш ушул жылдын 20-июнунда Башкы прокуратурага өткөрүп берген. 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *