Нарын—Баетов унаа жолунда унаа оодарылып, 3 жаштагы кыз чарчап калды

Мезгил

Нарын—Баетов унаа жолунда «Хонда Одиссей» унаасы оодарылып кетип, 3 жашар кыз мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   

Маалым болгондой, аталган жолдун 70-80-чакырымында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде жалпы 5 адам болгон. Алардын арасындагы 3 жаштагы кыз каза болду.

Унаанын айдоочусу Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына, калган 3 адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *