Нарында Солтон-Сары кенине 500гө жакын адам чогулду

   Мезгил

Бүгүн, 5-августта Солтон-Сары кенине Нарын районунун 400төн ашуун жергиликтүү  тургундары чогулду.  

 Алар  менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушуу өткөрүп жатат. Алар кытайлык компаниянын ишин токтотуп, бардык техникаларын кенден алып кетүүнү талап кылышууда.

Алар буга чейин дагы малчылар чогулуп кытайлык компаниянын өкүлдөрүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

 Белгилей кетсек,  2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен ал жакта мал баккан 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү жүргүзгөн.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *