Нарындагы 37 бажы кызматкеринин тагдыры эмне болот?

Мезгил

Нарында 37 бажы кызматкери эч себепсиз иштен айдалып, эмне кылышты билбей жер сыйпалап, кимден жардам сурашты, кимге кайрылышты билбей турган кездери. Жогору жактагы кызматкерлерине кайрылышса алар: “Биздин колубуздан эч иш келбейт, өзүңөр жогору жакка чыккыла” деп так кесе айтышыптыр.

Мындан кѳп ѳтпѳй эле эки же үч кишини кызматтан алса мейли, бирок 37 кишини кызматтан алып, алардын ордуна пара бергендердин жана жооптуу кызматагы адамдардан тааныштарын иштеткени ишке алганынан бери дайын болду. Бул эми эмне деген кептин учуну айтып олтурат.

Качан болсо чоңдордун балдар-кыздары кызматка келип, окууну илгери үмүт менен окуп бүтүргөн карапайым калктын балдар-кыздары базарга чыгыш үчүн окушабы? -деген суроо туулат. Деги качан бизде мыйзам иштеп, калыстык болот, али күңүрт. Жапжаш 37 кызматкер бир убакта ишсиз калаганы да албетте өкүнүчтүү. Эми алардын үй-бүлөөсүн ким багат дагы, алар кайдан иш табышат? Маселе мына ушул жакта.

Ал эми билермандар талкан сугунуп алышкансып, үн катышпайт. Бул эми бир гана ажонун дарегине эле терс таасирин тийгизээри да бышык.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *