Мезгил
“Айка” фильминин башкы ролун аткарган казак актрисасы Самал Еслямованын жараткан ролу боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев пикирин билдирди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
“Самал Еслямова фильмде Казакстанды жакшы даңктады. «мыкты актриса» сыйлыган алды. Эң башкысы мигранттардын чет элдеги жагдайын көрсөттү. Аллага шүгүр, көз карандысыздыктын 27 жылында казакстандыктар башка мамлекет сыяктуу эч жерде малай болгон жок. Ал ушундай калктын өмур кыйындыгын зор талант менен көрсөтө билди»-деди Назарбаев.
Белгилей кетсек, Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевой тарткан “Айка” тасмасында Москва шаарында мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз кызынын окуясы чагылдырылган.