Назарбаев казак-кыргыз чек арасынын иштөө тартиби боюнча мыйзамга кол койду

Мезгил

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстан өкмөтүнүн жана Кыргызстан өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик казак-кыргыз чек арасынын иштөө тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу  Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, макулдашууда мамлекеттик казак-кыргыз чек арасынын иштөө тартибин белгилөө каралган. Ал эми мамлекеттик чек аранын иштөө тартиби өзүнө чек аранын аймагында каралган эрежелерди жана мамлекеттик чек араны кармоо шарттарын камтыйт.

Ошондой эле жарандарды, транспорт каражаттарын, жүк жана башка мүлктөрдү өткөрүү, мамлекеттик чек аранын үстүнөн учууларды жүргүзүү, чек арада жана ага жакын аймактарда, анын ичинде чек арага караган суулардын чегинде чарба иштерин жүргүзүү, аларды колдонуу жана башка ишмердүүлүктөрдү кылуу, чек арадагы жаңжалдарды чечүү тартиптери бекитилген.

Аталган макулдашуу мөөнөтсүз болуп саналат. Ал бир тараптын дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашуунун иштешин токтотуу тууралуу каалоосун жазуу түрүндө экинчи тарапты эскерткенге чейин иштейт. Бул учурда документ 3 ай өткөндөн кийин күчүн жоготот. Эгерде чек арада жаңжал чыкса, 2 мамлекеттин чек ара кызматынын өкүлдөрү бир тараптуу же биргелешкен тергөө иштерин жүргүзүшөт. Бири-бири менен маалыматтар менен бөлүшүп, алардын жыйынтыктарын баалашат жана чогуу чечим чыгарышат.

Ошондой эле тараптар жаңжалдардын себептерин жана кесепеттерин бирге жоюп, күнөөлүү деп табылган адамдарды жоопко тартып, мамлекеттик чек аранын иштөө тартибин калыбына келтирүү керек.
 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *