Назира Жетигенова, актриса:  Тагдырдын сыноосуна кабылган аялдарга балаңды бел тутуп алдыга кадам таштай бер, баары бир жеңиш аялзатыныкы болот дейт элем

Мезгил. 

Белгилүү куудул, актриса Назира Жетигенова жашоосу, кыздары жана неберелери тууралуу айтып берди.

 -Кыздарыңызды жалгыз бой тарбиялап келатканыңызды билебиз. Аял кишинин эркектин да, аялдын да милдетин аткарып, балдарына ата да, эне да болушу кыйынбы? Сиз күчтү кайдан аласыз?

-Күчтү бир гана жаратылыш бере алат болуш керек. Эне болгонуңдан кийин бала-чакаңды багууга милдеттүүсүң. Адам эмес, жаныбар да баласын коргойт эмеспи. Эл алдында уят болбой, балдарымды бутуна тургузайын, турмуштан өз ордун таап берейин деп канатыңды каккылап жатып эле, чарчаганыңа да кайыл болосуң. Кээде абдан чарчап, узак жолдо автоунаа айдап келатканымда көзүм жумулуп кетчүдөй болот, андайда “аман-эсен үйгө жетейин”, – деп кайра эле үйдө мени  күтүп отурган апамдан, кыздарымдан кубат алып, сергек боло калам. Ушундай жашоо менен жыйырма жылдан бери алышып келатам.

 -Сизге колдоо берип турган адамдар барбы, же турмуштун түйшүгү жалгыз өзүңүздүн моюнуңузга артылганбы?

-Алыска сапарга чыксам тамак-ашымды дайындап, батасын берип узатып, кеч келсем, келгиче уктабай күтүп отурган апам бар. Анан кыздарым…

-Кыздарыңыз кылык-жоруктары менен кубандырып, маанайыңызды ачып турса  керек?

-Кылык-жоругу менен неберелерим кубантып калышты. Мен үйдө көп болбогондуктан, үйдөгү аялзатына тийиштүү иштин баары кыздарымдын моюнунда. Менин жоктугумду билгизбей, тиричиликти тың кылып отурушканы мени колдоп, сүйөп-таягандары деп билем. Үйгө келгенимде неберелерим чуркап чыгышса, кучактап, жыттап алсам чарчоомдун тарап кеткенин байкабай калам.

-Сиз азыр неберелерим деп айтып жатсаңыз мага кызыктай угулуп жатат. Жаш бойдонсуз, а бирок, таенесиз…

-(күлүп) Улуу кызымдан үч неберем бар, алар менин колумда. Улуусу алты, андан кийинкиси беш, кичүүсү үч жашта.

-Бала менен неберенин айырмасы болот бекен? Небере баладан да таттуу деп коюшат го.

-Албетте, бар. Кыздарымды эркелете албайм, улуусу өзү эне болуп отурат, кичүүсү да бой тартып калды. Анын үстүнө турмушка эрте чыгып, эрте эне болдум. Өзүң бала бойдон туруп балалуу болсоң, баланын кадырын анча биле бербейт экенсиң. Бала жыты, ырахатын сезе албай каласың. Анын баары анан кийин, минтип таене болгондо билинет тура. Бирок, мен кичинекей кезимден тартып балага жакын элем. Менден кийинки сиңдим беш жаш кичүү да. Кошуна курбуларымдын бир-эки жаш кичүү ини-сиңдилери боло турган. Аларды жакшы көрүп, апама келип, мага да бөбөк төрөп бер деп ыйлай берчүмүн.

 -Кызыңызды турмушка узатканда кандай болдуңуз? Ичиңиз ачышты беле?

-Абдан жаман болгом. Үйдөн сөйкө салышып, кол менен узаттык да. Даярданып жатканыбызда, 36 жашымда кайнене болот экенмин да деп күлүп эле, дасторкон даярдап жүргөм. Анан эле дарбазадан чыгарып баратышканда, денеңден бир эт жулунгандай болот экен… Жакын жерге түштү, ошентсе да бапестеп, кастарлап жүргөн аманатымдын  жоопкерчилигин башка бирөөгө тапшырганымды сезип, ыйлагым келген.

-Кайнене катары өзүңүздү кандай сыпаттайсыз?

-Кыздарыма абдан катаал, катуу кармаган энемин. Мен келатканда баары тыпылдап чуркашып, иш кылып калышат. Кыздарыма курбулары “Апаңар үйдө деле күлдүрө берсе керек э”, – дешет экен да, “Ой, кайдан, ал келатканда титиреп калабыз дейбиз”, – деп кыздарым күлүп калышат. Күйөө балам менен сыймын. Ал мени сыйлайт, а мен аны ызааттайм дегендей.

-Сиздин да башыңыздан кыйынчылык өткөн экен. Учурда канчалаган энелер жалгыз бой балдарымды кантип багам деп санаага батып турса керек. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

-Орус элинин бир жакшы макалы бар: “Время – лекарь”. Баарын убакыт дарылайт, убакыт баарын ордуна коет. Эң башкысы балдарды таштабаш керек, чөкпөш, сынбаш керек. Убактылуу кыйынчылыктан коркуп, жаман жолго басып, же жаман адат күтүүнүн кереги жок. Балдарды бел тутуп, алдыга карай кадам таштай берсе, акыркы жеңиш аялзатыныкы болот.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *