Мезгил
Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Белгилеп кетсек, буга чейин Бөрүбаев мамлекеттик долбоорлоо институтунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Мезгил ньюс