Назми: Курал экөөбүз дагы дует даярдоону пландап жатабыз

Мезгил

Чыгармачылыкта

Буга чейин Курал Чокоев менен бирге “Бул ким” аттуу ырыбызды клиби менен элге тартуулаганбыз. Күйөрмандарыбыздын купулуна толуп, абдан жакшы кабыл алышты. Мындан улам Курал экөөбүз дагы дует даярдоону пландап жатабыз. Ал эми азыр жайкы өргүүдө кереметүү көл жээгинде эс алуудамын.

Сулуулук

Сахна адамы болгон соң жасанып, дайым боёнуп жүрүүгө туура келет. Күзгү алдында 10-15 минута убактымды коротом. Ар кандай кээде бир саат да аздык кылат. Ал эми үйдө, үй бүлөм менен эс алууда боёксуз жүрөм. Бирок эл сынында болгон соң боёнуп, өзүңдү тыкан алып жүрүү абзел.

Косметика

Колдонгон косметикаларымды дайым алмаштырып турам. Бир эле фирманын косметикаларына басым жасабайм. Учурда көбунчө GA-DE, ISADORA фирмаларынын косметикаларын колдоном.

Стиль

Бардык күйөрмандардын табитин табуу кыйын, ар ким ар кандай сын көз-караштар менен карайт. Айрымдары “мурдагы стилиң жакшы болчу” дешсе, кээси азыркы стилимди жактырышат. Негизи элдин пикирин угам, ошондуктан стилимди тез-тезден өзгөртүп турам. Мүмкун күйөрмандарымдын талабына ылайык чачымды узартып стилимди алмаштырам.

 

Темир тулпар

Айдоочу катары тажрыйбаны бир топ эле топтодум, рулда жүргөнумө 20 жыл болду. Учурда Lexus RX 330 үлгүсүндөгү машина айдайм. Жол эрежесин бузуп, МАИ кызматкерлдерине кармалган учурларым болуп калат. Андай убакта ырдап берип кутулган убагым болгон эмес. Кээде гана концертке чакыруу берип, же ырчылык кесибимдин кадыры менен МАИчилерден кутулуп кеткен убагым болгон. Бирок жол эрежесин бузган соң айып пулду төлөп, мамлекетке салымыңды кошконуң туура.

 

Эс алууда

Биздин үй булөдө атайын пландап эс алуу жок. Кайсы убакта бошосок, ошол маалда эс алабыз. Жолдошум экөөбуз тең ушул нерсеге көнүп калганбыз. Буга чейин туулуп өскөн айылыбызда эс алып келдик. Учурда шаардын ысыгынан качып, Ысык-Көлдө эс алуудабыз.

Кыйналсам да кыя өтпөйм

Дүкөндөрдү, базарды кыдырган кезимде көз айнектин жанын кыя өтө албайм. Албасам да карап, баасын билип кетем. Ошондой эле бала ар дайым эненин эжүрөгүндө да, кыздарыма кийимдерди көргөндө да кыя өтө албайм.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *