Неслихан Атагюлдун сериалдагы сезимдери сүйүүгө айланган

Мезгил

Дүйнө жүзү анын ичинде Кыргызстанда түрк тасмаларынан өзгөчө “Черная любовь” сериалын көрбөгөн адам жок болсо керек. Дал ошол сериалдагы Кемалдын сүйүүктүсү Нихан Неслихан Атагюль 1992-жылы Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Энеси Беларуссияда туулган, ал эми  атасынын улуту черкес. Апасы үй кожейкеси, атасы айдоочу болгон. Неслихандын өзгөчө сулуулугун байкаган апасы анын келечектеги карьерасын түптөгөнгө салымын кошкон жана аны өзү модель агентстволорго жана кастингтерге алып бара баштаган. Ошентип энесинин эмгеги текке кетпей жаш пери Neşe Erberk агентствонун жарнак берүүчүлөрүнүн көзүнө урунат. Сегиз жашында телевидение үчүн жарнама роликтерге тартылган. Кийин дагы Tofita, Valenza Kids жана Sutas бренддердин жарнама роликтерине тартылуу менен режиссёрлордун көзүнө түшкөн.

 

Неслихан чырайлуу жүзү, бакырайган сулуу көздөрү менен күйөрмандарынын жүрөгүнө чок салган. Түрк  сериалдарынын жылдызы өспүрүм кезинен баштап сериалдарга тартылып тааныла баштаган. Мектепти бүткөндөн кийин Стамбул университетинин театр факультетине дагы билимин жогорулаткан. 

Биринчи тартылган фильмдери

Неслихан 14 жашында биринчи жолу драммалык комедия “Первая любовь” фильминде роль жараткан. Дебют үчүн кинофестифальда “Золотой какон” сыйлыгын алган. Андан кийин 2008-жылы “Листопад” сериалынын 34чү сериалына чейин роль ойногон. Кийин 2012-жылы түркия-германия биргелешип тарткан “Чистилище” фильмине тартылган. Аталган тасма актрисага көптөгөн ийгиликтерди жаратып, бир канча эл аралык кинофестивальдардан сыйлыктарды алган. 2015-жылы “Все, что мне осталось от тебя” деген сериалында да башкы каармандын ролун ойногондон соң Түркияда эле эмес  Европа жана башка өлкөлөрдөн өз күйөрмандарын тапкан.

Андан кийин эле “Черная любовь” сериалы чыгат. Анда Түркиянын жылдыздуу актёрлорунун бири узун бойлуу, кара көздүү кара каштуу Бурак Өзчивиттин сүйүүктүсүнүн ролун аткарган. Дагы “Араф”, “Слепая любовь”, “Жизнь продолжаеться” жана “Дорогой папочка” аттуу тасмаларына катышкан.

Жолдошу Кадир Доголу экөөнүн сүйүүсү

Ал эми 2013-жылы “Два лица Стамбула” сериалына  актёр Кадир Доголу менен чогуу башкы каармандын ролун ойногон. Сериалды тартуу учурунда  Кадир менен Неслихандын ортосунда бири-бирине болгон сүйүү сезимдери пайда болот. Кадир Доголу чырайлуу Неслихандын жүрөгүн багындырып, 2015-жылга чейин кыз-жигит катары сүйлөшүп 2016-жылы 8-июлда алардын нике тою өткөн.

Окшош түгөйлөр

Неслихан Кадирден он жашка кичүү, бирок жаш айрымачылыгы алардын жашоосуна жолтоо болбойт. Эки жаш бирге бир канча фотосессияларда чогуу жасашат. Учурда  Европанын эң белгилүү бренддеги  кийимдерди жарнамалап, модель да  болуп иштеп кошумча киреше табышат.

Түгөйлөрдүн жашоого болгон көз караштары, жүрүм-турумдары, жумушу жана профессиялары жада калса жактырган хоббилери да окшош. Ошондой эле экөө тең карапайым үй-бүлөдө чоңоюшкан жана көптөгөн ийгиликтерди жаратып таанымал болушса да жөнөкөй адамдар. Жубайлар саякаттаганды ар бир өткөргөн күндөрүнөн ырахат алганды жакшы көрүшөт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *