Нигериялык жаранды өлтүрө чапкан шектүү эки айга камалды

 

Мезгил

Нигериялык жаранды сабап өлтүрүүгө шектүү 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Баш коргоо чарасын Свердлов райондук соту чыгарды.

 Белгилей кетсек, 2-июнда ордо калаадагы “Айчүрөк” соода борборунун жанында 22 жаштагы кыргызстандык жигит Нигериялык жаранды  катуу чапкан. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, эсине келбей көз жумду.

Маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директорлугун аркалап, англис тилинен сабак берчү. Анын сөөгү Арча-Бешиктин үстүндөгү көрүстөнгө кечээ коюлду.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *