Мезгил
Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында колотто жүргөн 50дөй койду сел агызып кетти. Мындан сырткары беш гектардай эгин талаасын да сел каптаган.
Учурда Жалал-Абад облусунда 6-майга караган түнү сел каптаган айылдарда кырсыктын кесепеттерин жоюу иши жүрүп жатат.
Канча чыгым келгени учурда такталып жатат.