Мезгил
Нооруз майрамына карата эс алуу күндөрүн жылдыруу болбойт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Быйыл 21-март бейшембиге туура келет. бирок жума күнү иш күн.
Эс алуу күндөрүн туура бөлүштүрүү максатында, 22-март жума күндү дагы дем алыш кылуу суроосу көтөрүлгөн. Бирок, аталган министрлик 2019-жылдын календарына мындай өзгөртүү киргизилбегенин белгилешет.
Кийинки бейшемби 21-мартта кыргызстандыктар эс алат дагы, жума күнү кайра ишке чыгышат.
Булак: Мезгил Ньюс