Мезгил
Ново-Павловка айылында 10 жашар балынын курмандыгына алып келген жол кырсыгына күнөөкөр милиция кызматкери эркиндикке чыкты.
Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирет.
Маалым болгондой, жабыркаган тарап менен айыпталуучу ортосунда элдешүү бекитилип, доо-арыз артка кайтарылды.
Эске салсак, быйыл январда Ново-Павловка айылындагы мектептин жанында 10 жашар окуучуну унаа кагып кеткен.
Тестиер каза тапкан болчу.Милиция кызматкери мас эмес деп айтылган.