Мезгил
НТС телеканалынын директору болуп Миржан Балыбаев дайындалды.
Анын талапкерлигин каналдын эмгек жамааты толугу менен колдогон.
Миржан Балыбаев НТСте 14 жылдан бери эмгектенип келет. Ал бүгүн, 19-мартта директорлук кызматка расмий киришет.
Белгилей кетсек, буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген Жайнак Үсөн уулу 6-мартта Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчиси болуп шайланган.