Мезгил
Бүгүн, 26-мартта Нур-Султанда үч автобус кагышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, ири кырсыктан 2 киши каза болсо, 27 киши жабыркаган. Алардын төртөөнүн абалы оор. Үч адамга операция жасалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча көчө кесилишинде токтоп турган автобусту катуу ылдамдыкта келе жаткан автобус артынан кагып, ал алдында турган автобусту жана жеңил унааларды сүзгөн. Айрым маалыматтарда кырсыкта тез жардам унаасы жана дарыгерлер да жапа чеккени айтылат.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.