Нурбек Токтакунов президент тууралуу кызык кеп айтты

    Мезгил

Жактоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тууралуу кызыктуу пикир жазып калтырды.

Nurbek Akbar:

«Почему у меня странное ощущение, что Сооронбая Жээнбекова не существует? Вот, например, один сайт сообщает об его встрече с энергетиками. Цитирую:

“Энергосектор нуждается в безотлагательных реформах, а жители в городах и регионах страны должны быть обеспечены бесперебойной электроэнергией.

…Обсуждены меры по укреплению энергетической безопасности страны, реформированию энергетического сектора, подготовки к предстоящему отопительному периоду.

Сооронбай Жээнбеков отметил важность бесперебойного электроснабжения сфер экономики, субъектов предпринимательства, обеспечения резерва мощностей. Подчеркнул необходимость укрепления сотрудничества с сопредельными государствами по вопросам совместного и рационального использования водно-энергетических ресурсов”.

То есть по сути ничего не сказал, кроме общих слов. Примерно такие же фразы он произносит на любых встречах. Встречаясь с судьями, он скажет о важности справедливого суда и необходимости бороться с коррупцией. На встрече с милицией, он скажет о необходимости милицейской реформы и борьбы с преступностью.

Из-за этого у меня складывается ощущение, что такие слова может выдавать простенькая программа, созданная малоопытным программистом.

Может его не существует?»

Сапар Исаковдун жактоочусунун пикири боюнча Сооронбай Жээнбеков «жок киши» болуп калабы ошондо? Ар бир жаран пикирин ачык билдирүүгө укуктуу жана анысы үчүн куугунтукка алынбайт. Бирок кызматтык этика, сын айтуунун чеги, адамдык жеке намысына тийбөө жөнүндө мыйзамдарыбыз да бар. Азыр бизде иттин бити да саясатчы болуп турган заман. Биз президенттин аброюн коргогон деле жокпуз. Бирок эл шайлаган президент катары анын дарегине туура, негиздүү пикирлер айтылса деген оюбуз бар. Албетте ал кишинин жасаган иштерине, командасынын чабалдыгына, ички же сырткы саясаттагы кемчиликтери боюнча далилдүү, даректүү сындар жолдонсо туура болмоктур.

Жактоочу Нурбек Токтакунов президентти «жок киши» деп өзүнө аброй деле топтой албайт. Тескерисинче Нурбек өзү тууралуу буга чейин ЖМКда жазылып келген догдурлардан алган «психикалык жактан оорулуу» деген маалым катынын (справка) бар экендиги чын окшойт деген пикирге кайрадан жем таштады. А балким бул аракетти атайын жасап жаткандыр? Эгер президент Нурбектин сөзүнө маани берип, чара көрсө, Нурбек бийлик мени куугунтуктап жатат деп чет мамлекеттен башбаанек сурашы мүмкүн. Балким шылтоого шынаа издеп, котур эчки койчунун таягына кашынат болуп жаткан чыгар. Ал эми президент жана анын командасы Нурбектин сөзүн кандай кабылдашат, алардын иши, аны мезгил көрсөтөр.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *