Нурлан Мотуев: Алар сырларын Атамбаевге алдырып коюшкан, ошондуктан тигил буларды мазактап атат

Мезгил

– Нурлан Аманканович, Алмазбек Атамбаев «Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келгеним үчүн элден кечирим сурайм» деди. Эл шайлаган президент үчүн экс-мамлекет башчысы эмне үчүн кечирим сурап жатат деп ойлойсуз?

-Атамбаев бийликте 7 жыл отуруп көзүн май басып, чыныгы реалдуулуктан алыстап кеткен. Ал негизи эле чыр-чатак салмайын тынч жүрө албаган пенде да. Бул адамды эркелетип төбөсүнө чыгарып алган кыргыз эли да күнөөлүү.

Жакшы иштеп жаткан Курманбек Бакиевдин заманында эле “Эй, эл – журт, колдобогула буларды! Атамбаев, Текебаев дегендер апкелебиз деп жаткан партиялык система Кыргызстанды кыйроого апкелет”-деп жакшы эле какшап айткам. Тилекке каршы эл мени укпай, тескерисинче буларды колдоп туруп алды. Жыйынтыгы эмне болду? Атамбаевдин заманында мамлекеттин тышкы карызы 4 млрд доллардан ашып кетти. Бул элди ошондон бери келесоо ойлоп алган Атамбаев азыр да мени уга беришет дегендегиси да.

-Атамбаев билдирүүсүндө азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарын «чимкириктер» деп сындады. Андай салыштыруунун жөнүн сиз эмнеден көрөсүз?

-Кээде Атамбаев азыркы Парламентти туура белгиледи го деп ойлойм коем. Ал жерде Асылбек Жээнбеков, Рыскелди Момбековко окшогон бирин экин тыӊ депутаттар болбосо, калганынын көбү Керезбеков, Кулбараковко окшогон кошоматчылар да. Алар сырларын Атамбаевге алдырып коюшкан, ошондуктан тигил буларды мазактап атат.

-Өлкө башчысы соттордун курултайында сот бийлигиндеги реформага ичи чыкпаганын айтып, сынга алды. Реформанын натыйжа бербей жатканынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

-Убагында жер-суунун баарына юрдикалык бөлүмдөрдү ачып, ар бир экинчи адам билими жок, бирок дипломдуу юрист болуп алгандыгынын кесепетин эми тартуудабыз. Жогорку окуу жайларын пара берип бүтүргөн ошол юристтер эми кенемтесин толтурушуп, сот-прокуратураны пара алуучу базарга айлантып жатышса, каяктагы реформа болуусу мүмкүн.

издин кайрадан саясатка аралашам деген оюӊуз барбы?

– Аныгын Аллах билүүчү…

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *