Мезгил
Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буга чейин Айнура Сагынбаеванын башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу орун басарлык кызматтан алынгандыгы кабарланган.
Нуржигит Кадырбеков буга чейин “Ыйман” фондун жетектеп турган.