Мезгил
Бишкекте бүгүнтөн тарта октябрдын дээрлик жарымына чейин жылуу жана ыңгайлуу аба-ырайы турукташат. Бул тууралуу кыргызгидромет кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрдан баштап термометр мамычаларынын көрсөткүчтөрү жогорулайт.
Күндүз +26 градуска чейин жылуу болсо, түнкүсүн +15 градусту түзөт. Жакынкы 2 жума аралыгында ордо калаада жаан-чачын күтүлбөйт.
Булак: Мезгил Ньюс