Окуу китептеринин таңкыстыгын Билим берүү министрлиги эми эстеди

Мезгил. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталында КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китептерин чыгарууга тендер жарыяланганы тууралуу  маалымат чыкты.

Ага караганда, министрлик 50 предмет боюнча кыргыз тилиндеги  70, 5 миң  окуу китебин чыгарууну ниет кылууда. Атап кеткенде, алардын арасынан эң көп нуска менен (6 000) математика методикалык пособиеси, андан кийин Кыргызстандын тарыхы схема жана таблица менен (5000) басылат. Мындан башка “Микро-макроэкономика”, “Өспүрүмдөрдүн маселесин чечүү” ж.б. китептер да бар.

Жалпысынан окуу китептерине 8,3 миллион сом коротуу пландалган. Ага салык жана райондук, шаардык билим берүү мекемелерине жеткирүү жол акысы, авторлорго калем акы төлөө сыяктуу чыгашалар да кирет.

Билим берүү министрлиги окуу китептеринин таңкыстыгын окуу жылы башталып калган чакта эстегени таң калыштуу.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *