Окуучу көп, мектеп аз: Кыргызстандагы билим берүү көйгөйү

Мезгил. 

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жаатындагы көйгөйдү айтып чыкты.

Учурда Кыргызстанда 2 262 мектеп иштеп жатат. Анда жалпысынан 1 миллион 223 миң окуучу билим алат. А бирок, ошол мектептер 774 120 орунга гана ылайыкташкан.

Мектептердин 446сы бир смен менен иштейт, 1 657 мектеп эки сменге өткөн, ал эми 159 мектеп окуучулардын санынын көптүгүнөн ийкемдүү расписание боюнча “смена алдындагы” билим берүү ыкмасын колдонууга аргасыз болушууда.

Акыркы жылдары өлкөдө окуучулардын саны туруктуу өсүүдө. 2017-жылга салыштырмалуу быйыл мектеп курагындагы балдардын катары 4%га көбөйгөн болсо, 2012-жылга салыштырганда бул көрсөткүч 18 пайызга арбын. Шаар жана айылга бөлгөндө, шаарда 25%, ал эми айыл жергелеринде 14 пайызга көп.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп көйгөйү айрыкча Бишкек шаарында жана Чүй облусунда курч экенин белгилейт.  

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *