Окуучуга кол көтөргөн мектеп директору кызматы менен кош айтышты

Мезгил.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчылыгына Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын тургуну К. Токтобаева арыз менен кайрылган. Анда маалым болгондой, арыз ээси 2018-жылдын май айында 6-класста окуган уулу мектеп директору тарабынан басымга кабылганын айткан.

Кой-Таштагы Сакан Бегматов атындагы орто мектептин директору В. Чылпакбаева мугалимдердин жана башка окуучулардын көзүнчө мугалимдер канаасында 6-класстын окуучусу А. Токоновду чаап жиберген.

Бул  боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жасашканда, окуя чын эле болгону тастыкталып, директор сөгүш алганын билдирген жооп келген.

Акыйкатчы институту арыздын негизинде Аламүдүн райондук прокуратурасына маселени чечүүнү өтүнүп кат жолдогон.

Прокуратурадан келген жооптон улам мыйзамсыз аракетке баргандар дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышканы белгилүү болгон. Ошондой эле, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлигинде кеңешме өткөрүлүп, анда Чылпакбаеваны кызматтан чететтүү чечими кабыл алынган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *