Опумбаев: Атамбаевди сурак берүүгө алып келүүгө барган атайын кызматкерлер ок атуучу курал менен камсыздалган эмес

Мезгил

Учурда Жогорку Кеңештин депуаттары кезексиз жыйынга чогулушту.  Жалпысынан 61 депутат катышууда.

Маалымат берүү үчүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келип, мааыламт берүүдө.

Сессия Кой-Таштагы абалды талкуулаш үчүн чогулду. Бирок депутаттардын талабы менен Солтон-Сары маселеси да каралмай болду.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдон бошотулушуна байланыштуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевди мажбуралоо түрдөө кармоо боюнча атайын операцияда жалаң резина колдонулганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев парламент жыйынында билдирди.

– Кечээ, 7-августа Атамбаевди сурак берүүгө алып келүүгө барган атайын кызматкерлер ок атуучу курал менен камсыздалган эмес. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары ок атуучу куралдарды колдонушкан. Алты аскер жарадар болуп, командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болду – деди Опумбаев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *