Опумбаев өз ишинин аягына чыгып кызматтан кетеби? Президент Опумбаевдин отставкасын кабыл алган жок

Мезгил

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевдин отставкасын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган жок.  

Жогорку Кенештин кезексиз жыйынында депутат Алмазбек Батырбеков УКМКнын төрагасына “Президент сиздин отставкаңызды кабыл албаганын уктуңуз. Мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болот?” деген суроосун узатты.

Бул суроого УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев мындай кийинки кадамдары туурасында билдирди.

– Мындан кийинки кадамдарым мыйзам чегинде жана орусча айтканда “наступательно” болот. Мен өз ишимдин аягына чыгып, милдетимди аткаргандан кийин кетем – деди Опумбаев.

Эске салсак, 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 52ге жетти.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *