Опумбаевдин отставкасы арсар бойдон калууда

   Мезгил

УКМКнын төрагасы кызматка барганына аз эле болгон. Балакет басып Атамбаевдин окуясы чыгып, ага «Альфа» тобун жибере коём деп абири төгүлдү. Тыкыр пландалбаган операция Орозбек Наймановичтин бетине жабылган көө болуп калды. Кечөө эрте менен отставкага кетүү боюнча арызын жазып, президентке калтырганын ЖКнын кезексиз жыйынында билдирди.

Бирок Опумбаев кетем деген менен «Жасай турган жумушум бар, аны бүтүрүп коюп кетем» деди ЖКда. Анысы кечөөкү Атамбаевге жасалган 2-штурм болсо керек. Иш ийгилктүү болду, «Атсаңар мени атып өлтүргүлө, жесеңер мени бышырып жегиле» деген Атамбаев камакка алынды.

Кызык жери бул жолу операцияны ИИМ министри Кашкар Жунушалиев жетектеп, Атамбаев менен болгон сүйлөшүүнү Ош окуяларында өзгөчөлүгүн көрсөтө алган Курсан Асанов жүргүздү. Буга чейин Жунушалиевдин аброю плинтустан ылдый түшүп кетти эле, генералдар согушта сыналат дегендей милициянын генерал-майор чинине татыктуу экендигин бул жолу көрсөтө алды, жылдызы жанды.

Мальков берген байталды, Хрущев келип кайта алды дегендей эле иш болду. Тентек балдардан токмок жеген агасына тың чыкма иниси болушкандай Жунушалиев жалпы күч органдарына, мамлекеттин жүзүнө аброй алып келе алды. Ал эми Опумбаевдин отставка сураган арызын президент али карай элек. Ошондуктан кетер-кетпеси азырынча арсар болуп турат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *