Ордо калаанын “олуттуу” кожоюндары: Кылмышка шектелген шаар башчылары

Мезгил

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери 27 жылдын ичинде Бишкек шаарына 14 «кожоюн» шайланды. Ордо калаабызда кандай өзгөрүүлөр болду?  Бул да шаар тургандарынын көз алдында. Бирок, өлкөдө экинчи революция болгондон бери алты шаар башчысы шайланса анын бешөөнө  укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Акыркы убакта коомчулукта борбор калаабызды башкарууга жалаң жемкорлор келеби деген суроо да жаралбай койгон жок. Анткени мындай собоолдун жаралышына бийлик жана шаардык кеңештин депутаттары толук шарт түзүүдө.

Ата Түрк паркын «олжолоп» алган Үсөнов

 

2007-жылдын 14-ноябрынан тартып 2008-жылдын 7-июлуна чейин ордо калаабыздын башчысы болуп иштеп келген Данияр Үсөновго Ата Түрк паркынан 11,31 гектар жерди тартып алган деп айып тагылган.

Тактап айтканда 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду Бишкектин Биринчи май райсоту Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 4-пункту жана 305-беренесинин 2-пункту боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Ага 2007-жылы Бишкек шаар мэри болуп турганда мыйзамсыз токтом менен Ата Түрк паркынан 11,31 гектар жерди тартып алган, муну менен мамлекетке 160 млн. сомдук зыян келтирилген деген айып тагылган. Соттук териштирүүдө далилденгендей бул жер КР Жер кодексине ылайык өзгөчө коргоого алынган, маданий аймак болуп саналганына карабай, Бишкек мэриясынын токтому менен 107 гектардан кесилип алынган. Мэриянын бул токтому шаар кеңеши тарабынан бекитилген эмес. Кыргыз өкмөтү бул маселени кароого тийиштүү болгону менен караган эмес деп айтылат иштин материалдарында.

Сот муну менен мурунку премьер-министр, Бишкек шаарынын экс-мэри Данияр Үсөновго өз кызыкчылыгы үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагып, он беш жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөсүн деген өкүм чыгарган.

Кытайдан келген автобустардын курмандыгы

2008-жылдын 7-июлунан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Бишкек шаарынын башчысы болгон Нариман Түлеев да өлкөнү башкы көзөмөл органынын «көз жаздымынан» калбаган. Тактап айтканда ага Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу техника сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылып, 2012-жылы камакка алынган.

Андан соң коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Нариман Түлеев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Бишкектин 6-кичирайонундагы 4,5 сотых жерди мыйзамсыз саткан деп айыптаган.

2010-жылы мэрияда Нариман Түлеевдин жардамчысынын апасына жер үлүшүн мыйзамсыз сатуу боюнча чечим кабыл алынган. Жердин аянты 4,6 сотых. Аталган жер 6-кичирайондогу троллейбус аялдамасынын акыркы жер аянты болчу. Убагында ал жерге соода жана тейлөө борборун курууга уруксат берилген. Тергөөдө жер тилкесинин баасы 9 млн. сомго төмөндөтүлүп сатылганы аныкталды деп билдирген аталган мекеме.

Былтыр декабрь айында Бишкек шаардык соту Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен.

2013-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган Нариман Түлеев былтыр жазында мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Зыяндын орду 62 миллион сомго бааланган. Соттун өкүмүн “саясий чечим” деп баалап келген саясатчы 62 миллиондун жарымын накталай түрдө, калганы көп кабаттуу үйдөгү 11 батирди мамлекеттин менчигине өткөрүү менен төлөгөн.

Жеңиш паркын жең ичинен соодалаган

Башкы прокуратура 2010-жылдын 8-апрелинен баштап 2013-жылдын 4-декабрь айына чейин Бишкек шаарынын эки тизгин бир чылбырын кармаган Иса Өмүркулов дагы жер саткан деп айыптаган. 

Прокуратура  Иса Өмүркуловго жана мэриянын кызмат адамдарына жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгогон.  Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө Бишкек мэриясы Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынын ичинен 14 гектар жерди азайтып, ал жерлерди жеке менчик ишканалардын ээлигине мыйзамсыз берип салганы айтылган.

Бирок, айрым серепчилер социал-демократтардын сап башында турган Иса Өмүркуловго ачылган кылмыш иши жөн гана коомдук пикирге ойногон көрсөтмөлүү иш катары кабыл алып жатканын айтып чыгышкан. Жыйынтыгы эл күткөндөй болду. Жер сатканга айыпталган Өмүркулов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.

Коррупцияга шектелген Кулматов

2014-жылдын 15-январь айынан баштап 2016-жылдын 9-февралына чейин баш калааны башкарып турган Кулматовго биринчи кылмыш иши коррупция фактысы боюнча козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, К. Кулматов Бишкек шаарын башкарып турганда Кытайдын TBEA компаниясы “Калыс-Ордо” конушундагы мектептин курулушуна берген 2 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү гранттык акчаны мыйзамсыз жумшаган деп айыпталууда.

Жакында эле Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдакы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын өзгөртпөй, камакта калтырды. Ошол эле учурда мурдакы мэрге Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алгандыгы жөнүндө жаңы кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Бишкек шаарынын 13-башчысы болгон Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши азыр «акыйкаттын» тараза ташында. Соттор кандай чечим чыгарат азырынча белгисиз…

33 гектар жерди ээлеген Ибраимов

 Ал эми 2016-жылдын 27-февралынан баштап 2018-жылдын  13-июлуна чейин ордо калааны жетектеп келген Албек Ибраимов  УКМК тарабынан “баш калаадагы жер тилкелерин саткан” деп коррупцияга байланыштуу айыпталууда.

Албек Ибраимов алгач “Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деп шек саналып гана жаткан. Ошонун негизинде УКМК 19-июлда аны Чүйдүн Арашан айылындагы үйүнөн кармап кетип, тергөө абагына камакка алган.

Бирок Ибраимов өзүнө карата коюлган кинелерди негизсиз деп атаган. Талдоочулар баш калаанын деталдык планы ачык болбогондуктан коррупция күчөгөнүн айтып жатышат.

Ал эми 21-июлда мекеменин Башкы тергөө башкармалыгы жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде айыбын расмий угузганын комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирген:

​- Тергөөдө белгиленгендей, Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан деп айыптоодо.

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *