Орозбек Молдалиев: Атамбаев “кан төгүлсө эл чыгат, бийлик алмашат” деп ойлогон

Мезгил

Жогорку Кеңеш эс алуудан келгенден кийин Кой-Таштагы кагылышуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, кылдат иликтениши керектигин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев билдирди.

– Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ким уюштурганын изилдеп, азыркы жетекчилердин шалаакылыгын терең иликтеп, жыйынтыгын коомчулукка билидириши зарыл. Себеби, бул жерде адам өмүрү кыйылып, анын артында алты бала атасыз калып жатат.

Ал эми Атамбаевдин башка жолго барууга чамасы калган эмес. Себеби, “өзүмдүн досумду президентикке коём, өкмөт башчы менин кишим бери жакта туруп барын мен башкарам, мурда жасаган иштеримдин баары билинбей калат” деп ойлогон. Тилекке каршы ою ишке ашпай калды. Тарапташтары камала баштады. Өзүнүн иши чукулуп чыкты. Ал жөн эле “атышам” деп айткан жок, бул кан төгүлүүнү күттү. Кан төгүлгөндө эл чыкмак, ушундай жол менен бийлик алмашып, “бийликке башка кишини алып келип, кайрадан 2010-жылдагы схемага түшөбүз” деп бийликти оңой алмаштырууну көздөгөн – деди Молдалиев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *