Мезгил
Ыйык Орозо айынын болжолдуу мезгили жарыяланды.
Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала эсептөөлөргө ылайык, быйыл ал 5-чи же 6-майда башталат.
Орозо айы дээрлик 1 ай созулуп, бул убакта мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин оозуна наар алышпайт.
Орозо айынын так датасы ага жакындаганда, Айдын жаңырышына жараша жарыяланмакчы.