Мезгил
Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин буйругу менен аталган мекемеде бир катар орун алмашуулар болду.
Тактап айтканда №53 мекеменин начальниги полковник Мирбек Миңбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, №8 мекеменин башчысы болуп дайындалды.
Ал эми №21 мекеменин начальнигине орун басар болчу полковник Түгөлбай Эргешов эми №23 мекемесинин башчысы. №8 мекеменин начальниги майор Сансызбай Хасенов бүгүндөн баштап №53 мекемесин жетектемей болду. Ал эми №45 мекемесин эми майор Талант Каниметов жетектейт.
Булак: Мезгил Ньюс