Орун бирөө, каалоочулар көп. Акыйкатчы ким болот?

выбор

Мезгил. 

Кубат Оторбаев өз каалоосу менен кеткенден кийин бош калган Кыргызстандын акыйкатчысынын оруну көптөрдүн бүйүрүн кызытууда. Парламенттеги алты фракция аркылуу өлкөнүн башкы укук коргоочусу болууну каалагандар талапкерлигин коюуга ашыгып башташты.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Тынчтык Шайназаров аталган фракцияга Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мурдагы соту Сатарали Камбаралиев арызын бергенин маалымдады. Камбаралиев 2013-жылы президенттин жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган болчу. Бошотулуусуна соттолгондугу тууралуу маалыматты жашырып койгону себеп болгон.

“Өнүгүү-Прогресске” андан тышкары юрист Гүлназ Эргешова да акыйкатчыга талапкер болуу өтүнүчүн келтирип, арыз менен кайрылган. Ушул фракция аркылуу талапкер болгусу келгендердин катарында Акыйкатчылыктын аппаратынын кызматкери Урмат Аралбаев да бар. Белгилей кетсек, Урмат Аралбаевдин акыйкатчы болуусун Акыйкатчы институтунун жалпы жамааты колдоодо.

“Ата Мекен” фракциясынан Канатбек Азиздин талапкерлиги сунушталды. Ал юридика илимдеринин доктору.

Бүгүн “Кыргызстан” партиясы да президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев талапкер болууга арыз жолдогонун жарыялаган. Фракция Абдылдаевдин президенттин парламенттеги өкүлү болгонго чейин Акыйкатчылыктын аппаратын башкарганын да белгилеген.

Мыйзам боюнча, акыйкатчылыкка ар бир фракция үчтөн ашык эмес талапкер сунуштай алышат. Андан кийин талапкерлер добушка коюлуп, басымдуу депутаттардын колдоосуна татыганына  акыйкатчы болууга жол ачылат.

БУУнун Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча бөлүмүнүн башчысы Кыргызстан акыйкатчысын ачык-айкын, мыйзам жолунда так тандоо менен бул институттун келечегин аныктай турганын билдирген.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *